Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Момбеков: итти кыргыз кылдык, кыргызды ит кылдык

© Фото / пресс-служба фракции СДПККСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков итке калпак кийгизгендерди жоопкерчиликке тартуу керектигин айтты
Момбеков: итти кыргыз кылдык, кыргызды ит кылдык

Итти кыргыз кылдык, кыргызды ит кылдык. Бул тууралуу Рыскелди Момбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин калпак кийип мода көргөзмөсүнө чыккан иттин сүрөтүн интернет колдонуучулары катуу сынга алган. Алар жаныбарга улуттук баш кийимди кийгизүү жат көрүнүш экенин айтып, нааразы болушкан. 

"Эскирип жаткан жылдын этегинде кылым карыткан кыргыздын улуттук байлыгы калпакты итке кийгиздик. Кыргыз фашисттик Германиянын формасын кийди. Итти кыргыз кылдык, кыргызды ит кылдык. Каргалар өлгөндө кайгырып чыктык эле каргага кайгырган кыргыздар кадырыбызга качан кайгырабыз? Эмне үчүн улуттук коопсуз кызматы, Башкы прокуратура унчукпай отурат? Мамлекеттин кадыр-баркын коргош керек", — деди Момбеков.

Эл өкүлү итке калпак кийгизгендерди жоопкерчиликке тартуу керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0