Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сыдыков: казактар улуттук өнөрдү жайылтуу маселесин колго алышкан

© Sputnik / Табылды КадырбековСемисуточный рассказ эпоса Манас
Семисуточный рассказ эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Манасчы Дөөлөт Сыдыков Алматы шаарында өткөн эл аралык фестивалга катышып келди
Сыдыков: казактар улуттук өнөрдү жайылтуу маселесин колго алышкан

Казактар сөздөн ишке өтүп, улуттук өнөрдү жайылтуу маселесин колго алышкан. Бул тууралуу белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эскерте кетсек, 24-ноябрда Казакстандын Алматы шаарында "Ула Дала Ели" аттуу эл аралдык фестиваль өтүп, ага Кыргызстандын атынан Сыдыков катышып келген.

"Алты айда бир жолу ушундай фестивалдарды уюштурушат. Дастанчылык, ырчылык боюнча атайын мектептери бар. Улуттук өнөрдү жайылтууну эчак колго алышкан", — деди Сыдыков.

Манасчы аталган иш-чарага казак менен кыргыз таланттарынан тышкары өзбек, кара калпак өнөрпоздору да катышканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0