Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: Бишкек 20 жылдан кийин чаң баскан шаарга айланат

Жазылуу
Эл өкүлү борбор калаанын түндүк тарабындагы карьерлерди жабуу керек.
Иманалиев: Бишкек 20 жылдан кийин чаң баскан шаарга айланат

Бишкек 20 жылда гүлдөгөн калаа эмес, чаң баскан шаарга айланат. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн өкмөт өкүлдөрү табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча депутаттар отчет берди.

"Бишкектин түндүк тарабында эки чоку бар. Бирөө — Байтиктин Боз Бөлтөгү, экинчиси — Беш-Күңгөй. Экөөнүн тегереги жалаң карьер жана кирпич заводдор. Ушул жүрүш менен эки чоку жок болот, Бишкек 20 жылдан кийин гүлдөгөн эмес, чаң баскан шаарга айланат", — деди Иманалиев.

Депутат бул көрүнүштү токтотуп, түндүк аймакта жайгашкан карьерлерди жабуу керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0