Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмамбет Шыкмаматов: эч жакка качпай, адвокат жалдайм

© Фото / пресс-служба Министерства юстиции / minjust.gov.kg"Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү
Ата-Мекен фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов ага карата козголгон кылмыш ишинде саясий боек бар экендигин кошумчалады.
Алмамбет Шыкмаматов: эч жакка качпай, адвокат жалдайм

Депутат Алмамбет Шыкмаматов эч жакка качпай, укугун коргой тургандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратура Шыкмаматовго карата Эсеп палатасында аудитор болуп иштеп турганда мыйзам бузган деп иш козгоду

Шыкмаматов менен чогуу Эсеп палатасынын кызмат адамдарына "коррупция" жана "документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде айып тагылууда.

"Бул кылмыш ишин козгоодо саясий боек бар экени айдан ачык көрүнүп турат. Эч кандай негиз жок. Ал жерде Эсеп палатасы төрт Mercedes унаасын тендер аркылуу сатып алган. Ал тендерди бир компания утуп алган. Аталышы эсимде жок. Ошол компания төрт унаанын бирин жубайымдан 13 миң долларга сатып алган экен. Аялым менен компания кандайча байланышкандыгын билбейм", — деди Шыкмаматов.

Эл өкүлү эч жакка качпай тургандыгын айтып, адвокат жалдап укугун коргой тургандыгын кошумчалады. Мындан сырткары, аялынан сатып алынган унаа бүгүнкү күнгө чейин мыкты кызмат кылып жаткандыгын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0