Күздүн илеби билинип... Келерки аптага карата аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол жээгиндеги саргарган дарактар. Архив
Жол жээгиндеги саргарган дарактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер күздүн экинчи жумасында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаай турганын кабарлады.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Бишкекте 6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми 8-10-сентябрда күн ачык болот.

Чүй менен Талас

6-7-сентябрь күндөрү Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ал эми 8-9-сентябрь күндөрү жана 10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Ошондой эле 10-сентябрда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, ошондой эле бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаай турганы айтылды. 7-сентябрда күндүз Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда күн ачык болот.

Региондордо 8-сентябрда жана 9-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 9-сентябрда күндүз Оштун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, кар жаайт. Күндүз бул жердин дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Жаан карга айланат. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Ысык-Көл

Көлдө 6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, ошондой эле тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

8-сентябрда аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Эртеси күндүз жаан-чачын болот, бирок түнкүсүн асман ачык болору айтылды.

10-сентябрда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонууда.

Ал эми Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында жуманын алгачкы күндөрү мезгили менен жаан жаайт.

Нарын

Бул аймакта 6-7-сентябрь күндөрү жаан, ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ошондой эле 10-сентябрь күндүз дагы ушундай аба ырайы күтүлөт.

Ал эми 11-сентябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, кар жаашы күтүлөт.

12-сентябрда Чүй жана Ысык-Көл облустарында дал ушундай аба ырайы болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0