Айсулуу Тыныбекова турмушка чыгабы? Машыктыруучусунун жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековАйсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы чебер, КРдин көп жолку чемпиону
Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы чебер, КРдин көп жолку чемпиону - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-апрель күнү спортчу кыз өзүнүн Instagram баракчасына күйөөгө тийгени жаткандыгын, болочок жолдошу балбан эместигин жазган.

БИШКЕК, 2-апр.— Sputnik. Айсулуу Тыныбекова азырынча турмушка чыкпайт. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

Белинен кармап оодарып салды. Тыныбекованын Индиядагы жеңишинин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Белинен кармап оодарып салды. Тыныбекованын Индиядагы жеңишинин видеосу
1-апрель күнү балбан кыз өзүнүн Instagram баракчасына күйөөгө тийгени жаткандыгын жазган.

"2020-жылы өтө турган Олимпиада оюндары жылдырылгандыктан, мен турмушка чыкканы жатам. Ал адам балбан эмес. Мени бардык тараптан колдойт деп ойлойм. Коронавируска байланыштуу үлпөт той болбойт", — деп жазган Тыныбекова.

Анын машыктыруучусу Нурбек Изабековдун айтымында, бул жөн гана тамаша. Спортчу азыр турмушка чыкпайт.

"1-апрелге карата тамашалап жазып койсо керек. Турмушка чыга турган болсо мен биринчи укмакмын. Азыр күйөөгө кетпейт го", — деди Изабеков.

Буга чейин спортчу кыздын машыктыруучусу Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде: "Айсулуу Рио Олимпиадасында медаль алып калса, өзү каалаган адамга турмушка чыгып, кайра бир-эки жылдан кийин спортко кайтып келмек", - деп айткан эле.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы чебер, КРдин көп жолку чемпиону.

Жаңылыктар түрмөгү
0