Апта ортосунда нөшөрлөп жаан жаайт. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума аягында абанын температурасы төмөндөйт.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет өлкө аймагы боюнча бир жуманын божомолун жарыялады. Ага ылайык, 6-7-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Чүйдө түндө 17…22 градус болуп, күндүз 31…36 градуска дейре ысыйт. Таласта түндө 11…16 градус жылуу болуп, күндүз 30…35 градуска чейин көтөрүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында, түндө 18…23 градус жылуу болсо, күндүз күндүн табы 32…37 градуска чейин чыгат. Ысык-Көлдө түндө 12…17 градус болуп, күндүз 24…29 градуска чейин жетет. Нарында түндө 9…14 градус жылуу, күндүз 25…30 градуска дейре ысыйт.

Көлгө түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тамакка тоюп алып сүзбөйт! Сууга түшүү учурунда 10 "болбойт"
7-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүйдө түндө 18…23 градус жылуу болуп, күндүз 30…35 градуска чейин чыгат. Таласта түндө 12…17 градус жылуу болсо, күндүз 28…33 градуска чейин жогорулайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түндө 18…23 градус жылуу болсо, күндүз 32…37 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көл менен Нарында түндө 10…15 градус болсо, күндүз 23…28 градуска чейин ысыйт.

8-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүйдө түндө 17…22 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы 29…34 градуска дейре жогорулайт. Таласта түндө 11…16 градус болуп, күндүз 27…32 градуска чейин ысыйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 17…22 градус жылуу, күндүз 31…36 градуска чейин ысык болот. Ысык-Көл менен Нарында түндө 9…16 градуска дейре жылуу болуп, күндүз 22…27 градуска чейин ысык болот.

9-10-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ал эми 11-августта жаан чачын болбойт, бирок 12-августта көпчүлүк аймактарда нөшөрлөп жамгыр жаап, күн күркүрөп, абанын температурасы төмөндөйт.

Бишкек менен Ош шаарларында апта ичинде күндүз абанын температурасы 30 градустан төмөн болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0