Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровБаткен облусундагы айыл. Архив
Баткен облусундагы айыл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Шейшемби күнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Аба ырайы Чүй менен Таласта 22…27, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 25…30, Ысык-Көл менен Нарында 20…25 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күн күркүрөп, 25…27, Ош шаарында 27…29 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0