Кайсы күндөрү жаан жаап, күн ысыйт? Бир жумага карата аба ырайы

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЖара в Оше
Жара в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келе жаткан жуманын башында жаан-чачындуу болсо, аягында күндүн көзү ачылат.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы апта ичинде өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайынын божомолун таратты.

Билдирмеге караганда, келе жаткан жуманын башында күндүн көзү бузулуп, жаан-чачындуу болот.

28-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

29-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарындын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жара в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жай келе жатат! Июнь айына карата аба ырайы
Ал эми 29-майда күндүз жана 30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок 30-майда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 31-майда түнү жаан жааса, күндүзү жана анын эртеси, 1-июнда күн ачык болот.

Ал эми апта аягы 2-3-июндарда күн ысып баштайт. Абанын температурасы 27… 32 градуска чейин жетет.

Бишкек жана Ош шаарларында 28-майда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

29-майда жана 30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок 30-майда күндүзү жамгыр жаай турганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0