Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкө аймагында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта 22…27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 24…29, Ысык-Көл менен Нарында 21…23 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Бишкек шаары менен Ош калаасында күн ачык болуп, абанын температурасы 28…29 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0