Күн кайрадан сууктайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© AFP / FEDERICO GAMBARINI / DPAКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абанын температурасы төмөндөп, жер-жерлерде нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлүүдө.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Өлкөдө 16-20-апрель күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүүдө. Абанын температурасы төмөндөп, маал-маалы менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаай турганын ӨКМден билдиришти.

Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баланы 1-класска кабыл алуу июндан башталат. Керектүү документтер тизмеси
16-17-апрелде Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында нөшөрлөгөн жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, тоолуу аймактарда жана Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Күндүз абанын температурасы бир топ төмөндөшү күтүлүүдө. Мисалы, Чүй жана Талас облустарында 10…15 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 13…18 градус нөлдөн жогору болот. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында абанын температурасы +8…+13 градуска жетет.

16-20-апрелде өлкөнүн түштүгүндө дарыялардын деңгээги көтөрүлүп, сел жүрүү коркунучу жаралат.

Унаа жолдоруна көчкү түшүшү ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0