Баланы 1-класска кабыл алуу июндан башталат. Керектүү документтер тизмеси

Жазылуу
Министрлик баланы мектепке киргизүү үчүн кайсы документтер керек экенин түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Мектеп жайгашкан аймактагы балдарды 1-класска кабыл алуу 1-июндан тарта 15-августка чейин уланарын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бул аралыкта ата-энеси ооруп, башка жакка кетип же дагы башка себептер менен мектепке келбей калган баланы андан кийин деле кабыл алууга уруксат берилет.

Баланы мектепке киргизүү үчүн төмөндөгү документтерди даярдоо зарыл:

— мектеп директорунун наамына ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) арызы;

— атайын үлгүдөгү медициналык маалым каттар (Ф-26, Ф-63);

— туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

— ата-энесинин биринин паспортунун көчүрмөсү (мыйзамдуу өкүлүнүн);

— баланын жашаган жери тууралуу документ (эгер ата-эненин биринин паспортундагы каттоосу менен учурда жашап жаткан жери эки башка болсо);

— баланын мектепке алынып жаткан учурдагы ден соолугунун абалы тууралуу маалым кат.

Ал эми мектеп жайгашкан райондон тышкары жашаган окуучуларды кабыл алуу 15-августтан 5-сентябрга чейин жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0