Кыргызстандык эркектер качан үйлөнөт? Мырзалар тууралуу кызыктуу 7 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация проекта под названием "Войлочный мир — дух кочевья" в городе Бишкек
Презентация проекта под названием Войлочный мир — дух кочевья в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-февралдын алдында Улуттук статком кыргызстандык эркектердин жашоосу тууралуу кызыктуу маалыматты жарыялады

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстандык эркектер качан үйлөнүп, кандай кесиптин ээси болгусу келерин Улуттук статистикалык комитет аныктып чыкты. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын ичинен кызыктуу делген 7 фактыны иргеп алды.

1. Кыргызстанда эркектердин саны аялдарга караганда жарым пайызга аз. Өлкөдө 3 миллиондон ашыгыраак мырза бар.

2. Үч эркектин бирөө айылда жашаса, ар бир жетинчи мырза Бишкекти байырлоодо.

3. Эмгекке жарамдуу эркектердин 76 пайызы иштейт.

4. Жумушу бар эркектердин орточо курагы 37 жашты түзөт.

5. Эркекке таандык кесиптер болуп курулуш, транспорт, энергетика жана кен казуу тармагы эсептелинет.

6. Кыргызстандык жигиттер көбүнесе 20 жаштан 29га чейин үйлөнөт. Жыл сайын 50 миң мырза ак жоолуктуу болот экен.

7. Биринчи ирет эркек киши 27 жаштын айланасында үйлөнсө, экинчи ирет 40 жашында никеге турат.

Кыргызстандагы кыз-келиндер кайсы кесипти тандай турганын да билип алыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0