05:41 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452
Ымыркай. Архив

Кыргызстан Борбор Азия боюнча балдар өлүмү эң аз өлкө болду. Рейтинг

© Sputnik / Владимир Трефилов
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
169 0 0

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 2,6 миллион ымыркай бир айга жетпей чарчайт. Ал эми 1 миллион бала төрөлгөн күнү эле каза табат

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстан балдар өлүмү боюнча 184 өлкөнүн ичинен 79-орунда турат. Бул тууралуу БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) 2016-жыл боюнча отчетунда жазылган.

Рейтингдеги орун канчалык төмөн болсо, өлүмдүн саны дагы ошончолук аз.

ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, жашоо шарты төмөн өлкөлөрдө төрөлгөн 1 миң балага 27 өлүм туура келет. Ал эми жашоо-турмушу жакшы өлкөлөрдө жарыкка келген миң ымыркайдын үчөө гана чарчашы мүмкүн.

"Биз акыркы 25 жыл ичинде беш жашка чейинки балдардын өлүмүн эки эсе азайта алганыбыз менен бир айга чейинки ымыркайлардын өлүмүн кыскарта албай келебиз", — деди ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Генриетта Фор.

Кыргызстанда балдар өлүмүнүн көрсөткүчү — бир миң төрөлүүгө 11.6 учур, башкача айтканда, 86 ымыркайга бир өлүм туура келет дегенди түшүндүрөт.

Анткен менен Борбор Азия боюнча Кыргызстандыкы эң жакшы көрсөткүч. Өзбекстанда бул сан — 13.8, Тажикстанда — 19.9, Түркмөнстанда — 22.3кө жетет.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Юкиэ Макуонун айтымында, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 2,6 миллион ымыркай бир айга жетпей чарчайт. Ал эми 1 миллион бала төрөлгөн күнү эле каза табат.

Баса, учурда Кыргызстанда эң аз төрөлгөн муун ишке жарамдуу куракка жетти. Анткени 1990-жылдарын аягында Кыргызстанда төрөлүүнүн саны кескин кыскарган болчу.

Тема боюнча

Өзү төрөп, баласын катып койгон малчы келин. Окуянын чоо-жайы
"Балага сүйүнчү" пулду 327 үй-бүлө алды
Белгилер:
статистика, өлүм, ымыркай, Борбордук Азия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ