Бул чакан мамлекетте 50 эркек менен 50 аял жашайт деп элестетсек алардын ар бир үчүнчүсү бала же 15 жашка чейинки өспүрүм болмок.
Отуз жашка чейин 26 киши болсо, 19 кишинин жашы 45ке чейин болмок.
Ал эми 45-60 жаштын ортосунда 14 киши, 60-75 жаштын ортосунда беш киши жашамак. Эки жаран 75 жылдыгын белгилемек.
Бул чакан коомдо жылына үч ымыркай төрөлүп, бир киши көз жуммак.