Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Игорь Онучин / Медиабанкка өтүүТаранчылар. Архив
Таранчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Шейшемби күнү Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жолдор тоңуп, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

"Бишкек шаары менен Ош калаасында күндүн табы көтөрүлүп, 10…12 градуска чейин жетет", — деп жазылат маалыматта.

Дээрлик Кыргызстан боюнча күн жылуу болуп, Чүй менен Талас өрөөнүндө абанын температурасы 8…13 градуска чукулдайт. Ал эми Ош, Жалал-Абад, жана Баткен облусунда 9…14, Ысык-Көлдө 1…6 градус нөлдөн жогору болору айтылды. Нарын облусунда сууктун күчү 5 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0