Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКруглогодичный горный курорт "Роза хутор" в Красной поляне
Круглогодичный горный курорт Роза хутор в Красной поляне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Жума күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Күн Чүй, Ысык-Көл жана Талас өрөөнүндө —2 градус сууктан, +3 градуска чейин жылыйт. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 1…6 градус жылуу болсо, Нарын аймагында —3…-8 градус суук болушу күтүлүүдө.

Бишкек шаары менен Ошто күн ачык болуп 1…4 градуска чейин жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0