Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жума күнү айрым жерлерде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө күн 1 градус сууктан 4 градуска чейин жылыса, Таласта 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылыйт. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 2…7, Ысык-Көлдө 1…6 градус жылуу болору айтылса, Нарында 0…-5 градус суук болору божомолдонду.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, 2…4 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0