Дүйшөмбү, Шейшемби, Бейшемби. Апта күндөрүнүн аталышын алган кыргызстандыктар

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстандын желегин кармаган бала. Архив
Кыргызстандын желегин кармаган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жуманын жети күнүнүн тең атын алган жарандар бар

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Биометрикалык маалымат тапшырган шайлоочулардын тизмесин карап жатып, апта күндөрүнүн атын алган мекендештер аныкталды.

Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мен Апрелбек, сен Январкан! Айлардын ысымын алган кыргызстандыктардын тизмеси
Алсак, өлкөдө Дүйшөмбү ысымын алган 28 кыргызстандык жашайт. Шейшемби аттуулардан үч эркек киши катталса, 21 кишиге Шаршемби деген ат коюлганы аныкталды. 20 кыргызстандык адам Бейшемби деген ысым алып жүрөт.

Эл арасына кенен тараганы Жумабай, Жумагул, Жумабүбү сыяктуу Жумага байланыштуулары болуп чыкты. Мындай ысым алып жүргөндөр кеминде эле 15 611 экен. Ишемби деген ат 11 мекендешибизге ыйгарылса, дагы ушунча кыргызстандыктын аты Жекшемби.

Жаңылыктар түрмөгү
0