БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Биометрикалык маалымат тапшырган шайлоочулардын тизмесин карап жатып, апта күндөрүнүн атын алган мекендештер аныкталды.
Алсак, өлкөдө Дүйшөмбү ысымын алган 28 кыргызстандык жашайт. Шейшемби аттуулардан үч эркек киши катталса, 21 кишиге Шаршемби деген ат коюлганы аныкталды. 20 кыргызстандык адам Бейшемби деген ысым алып жүрөт.
Эл арасына кенен тараганы Жумабай, Жумагул, Жумабүбү сыяктуу Жумага байланыштуулары болуп чыкты. Мындай ысым алып жүргөндөр кеминде эле 15 611 экен. Ишемби деген ат 11 мекендешибизге ыйгарылса, дагы ушунча кыргызстандыктын аты Жекшемби.