Жума күнүнө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жума күнү өлкө аймагында күн ачык болоорун Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөнүндө 13…18, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 15…20, Ысык-Көл менен Нарында 11…16 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында дагы күн ачык болуп, 18…19 градуска жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0