Бир жумадан кийин 1994-жылкы паспорттор жараксыз болуп калат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКыргызстандын жаранынын 1994-жылкы үлгүсүндөгү паспорту. Архив
Кыргызстандын жаранынын 1994-жылкы үлгүсүндөгү паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн токтомуна ылайык эски үлгүдөгү паспорттор 31-мартка чейин гана жарактуу.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта 1994-жылкы паспорттор юридикалык күчүн жоготот. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

"Кыргызстандыктарды ID-card менен камсыздоо үчүн 2015-жылдын август айынан тарта 60 жаштагы жарандарды паспорт менен бекер камсыздоо кампаниясы жүрүп жатат. Алар жеңилдетилген түрдө документке ээ боло алышат", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Эржигитов: паспортту бир күндө жасатуу кызматы Бишкек менен Чүйдө жеткиликтүү
1994-жылкы паспорту менен жүргөн адамдар катталган жерине жараша райондук бөлүмдөргө кайрылуулары керек. Ал эми Бишкек, Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облусундагылар негизги документти учурда жашап жаткан жеринен эле алмаштыра алышат.

Мындан тышкары, паспортту жаңыртуу үчүн үйүнөн чыга албаган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын мобилдүү топ иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0