10:01 18 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3000
  • EUR80.1489
  • RUB1.0596
Окуучу. Архивдик сүрөт

Формасыз же кечигип келген окуучуларды сабакка киргизбей коюуга тыюу салынды

© Sputnik / Алексей Филиппов
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
62351

Жаңы тартипке ылайык, мугалимдер сабак учурунда окуучуларды кароосуз калтырууга болбойт. Ошондой эле окуучуну мектепте нөөмөткө тургузууга, ашкананы же мектептин айланасын тазалатууга тыюу салынды.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Мектеп директорлоруна окуучуларды сабактан мыйзамсыз бошотууга тыюу салынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Жаңы тартипке ылайык, мугалимдер сабак учурунда окуучуларды кароосуз калтурууга да болбойт. Мындан сырткары, окуучуларды нөөмөткө чыгарууга, мектептин аймагын тазалатууга жана класстан тышкаркы иштерге алып барууга болбойт. Окуучулардын сабакка кечигип жана формасыз келгендиги үчүн киргизбей коюуга тыюу салынат.

Ошондой эле эгер окуучу сабак учурунда ооруп калса классты нөөмөттө турган администраторго таштап кетиши керек. Эгер мугалимдин жардамы өтө зарыл болбосо ооруп калган бала нөөмөттө турган администратордун коштоосунда тийиштүү жардамдар көрсөтүлөт.

Билим берүү министрлиги андан сырткары окуу-тарбия берүү иштери мыйзамдын негизинде, демократиялык жолдо, балынын кызыкчылыгын жана укугун көздөгөн тартипте болушу керектигин белгилейт.

Тема боюнча

Кыргызстандын мектептери беш күндүк тартипке өтөт
Белгилер:
мектеп формасы, форма, окуучу, мугалим
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ