БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жарлыкта 2016-жылы өткөрүлгөн Тарых жана маданият жылы жалпы колдоого ээ болуп, элибиздин тарыхый жана маданий мурасынын түгөнгүс кудурет-күчүн ачып көрсөттү жана жаңы кыргыз коомун түзүүгө негиз болгудай пайдубал бар экенин ырастаганы белгиленет.
Президент өкмөткө Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүүнү, аталган жылды өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тапшырды.
Ал эми Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президент аппаратынын жетекчисине жүктөлдү.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.