17:04 11 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
Электр линияларын оңдоо иштери. Архив

Күз-кыш мезгилине кайсы энергетикалык объектилер даяр

© Sputnik / Виталий Аньков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
67 0 0

Өкмөт чыгарган токтомдун алкагында энергетикалык объектилерди күз-кыш мезгилдерине даярдоо иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында сегиз айдын ичинде "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы бир катар иштерди аткаргандыгы тууралуу компаниянын маалымат кызматынан кабарлашты. 

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" — гидроэлектрстанциялардан электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларга транзиттик жол менен жеткирүүчү мамлекеттик энергетикалык компания. Анын карамагына эң ири "Датка — Кемин" электр өткөргүч линиясы кирет. 

Аталган ишкана өкмөт чыгарган токтомдун алкагында энергетикалык объектилерди күз-кыш мезгилдерине даярдоо иштерин жүргүзүп жатат. 

Учурда 110-500 киловаттуу 81 подстанцияны ремонттоо иштери толугу менен аяктады. Дагы 149 жогорку вольттогу подстанцияларга оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, 110 киловольттук аба линияларынын капиталдык ремонту аяктады. 

Оңдоо иштеринин сапаты менен объектилердин даярдыгын Мамэкотехинспекциянын адистеринен түзүлгөн комиссия текшерет. Рейд 19-сентябрда башталат.

Тема боюнча

Депутат: Токтогул ГЭСинде суу көбөйдү, электр энергияны арзандатуу керек
"Электр станциялары" ишканасы дээрлик 22 миллион сомго күйүүчү май сатып алат
Белгилер:
оңдоо, объект, ГЭС, электр энергиясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ