Социалдык фонд мамлекетке 4,4 млн. сом төлөмөр болду

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүАкча саноочу машина. Архив
Акча саноочу машина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эсеп палатасы аталган мекемени финансылык текшерүүдөн өткөрүп, бир топ мыйзам бузууларды аныктап чыккан.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Социалдык фонддун ишмердүүлүгүндө 4,4 миллион сомдук финансылык мыйзам бузуу аныкталганын Эсеп палатасы билдирди.

Куруучу жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коргоо министрлиги аскердик объектилерди курууда өлкөнү 10 млн. сом чыгашага учураткан
Маалыматка ылайык, аталган мекеме фонддун 2014-жылдагы ишмердүүлүгүн текшерүүгө алган. Мында фонддун райондук жана шаардык башкармалыктарында дыйкан чарба жерлери боюнча 3,5 миллион сом камсыздандыруу төлөмү которулбаганы аныкталган.

Мындан тышкары, төлөөчүлөргө 400 миң сом камсыздандыруу төлөмү ашыкча чегерилип, Араван районунда 65,4 миң сомго, ал эми Бишкектин Биринчи Май районунда 323 миң сом ашыкча пенсия төлөнгөнү белгилүү болгон.

Текшерүүнүн натыйжасында Социалдык фонд бардык сумманы калыбына келтирүүгө милдеттендирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0