16:58 03 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7053
  • EUR100.6553
  • RUB1.1624
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
10002

Рейтингдин биринчи сабында Корея Республикасы турат. Изилдөөдө жыл аягына чейин дүйнө жүзүндөгү жалпы үй-бүлөнүн 46 пайызы интернет менен камсыздалары айтылган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстан маалыматтык-коммуникациялык технологияны (МКТ) өнүктүрүү жаатында секирип жасап, акыркы 15 жылда рейтингдин 15 сабына өйдө көтөрүлгөнүн Эл аралык электр байланыш союзунун изилдөөсү аныктап чыкты. 

Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстан 97-орунга чыккан.

Изилдөөдө 2010-жылы Кыргызстан 112 катарды ээлеп турганы маалымдалган, ал эми акыркы беш жылда өнүгүү индекси 3,02ден 4,62ге чейин өсүп, дүйнөлүк рейтингде 15 орунга жогорулоого өбөлгө болгон. Бул мобилдүү интернет пайдалануучулардын санынын өсүшү жана эл аралык интернет-трафик болгон жеткиликтүүлүктүн деңгээлинин жогорулашына байланышкан.

МКТ жаатында дүйнөлүк стандарттарды аныктоочу БУУнун атайы бөлүмүнүн жетинчи өтчетунда 2015-жылдын аягына карата мобилдүү телефондук байланышты пайдалангандардын саны 7,1 миллиардга, ал эми Дүйнөлүк желени колдонгондордун эсеби 3,2 миллиард адамга жете турганы айтылган. 

Буга карабастан, учурда 4 миллиардга чукул адам интернетсиз жашап келет.

Рейтингдин биринчи сабын мурункудай эле Корея Республикасы ээлеп турат. Өнүгүү индекси бул мамлекетте 8,68төн 8,93кө чейин өскөн.

Мындан тышкары, рейтингдин алдыңкы ондугуна 2015-жылы Европанын сегиз (Дания, Исландия, Улуу Британия, Швеция, Люксембург, Швейцария, Нидерланд жана Норвегия) жана Азиянын бир өлкөсү (Гонконг, Кытай) кирген. 

Мурунку Советтер Союзунун айдыңында алдыңкы орунда Белоруссия (36-орун), андан кийин Россия (45-орун) жана Казакстан (58-орун) турат.

Тема боюнча

Тоолуу аймак менен элет мектептерине зымсыз интернет жетет
Ош шаарында 50 мектеп интернетке туташтырылды
Кыргызстанда калктын 70 пайызы интернет менен камсыздалган
Белгилер:
рейтинг, интернет, байланыш, телефон, изилдөөлөр

ЭҢ МААНИЛҮҮ