Финансылык сабаттуулук боюнча Кыргызстан Гаити менен Камбоджадан артта калды

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүАкча. Архив
Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калкы финансылык жактан өтө сабаттуу болуп Скандинавия мамлекеттери — Дания, Норвегия жана Швеция катталды.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандыктардын болгону 19 пайызы финансы боюнча сабаттуу экенин Standard &Poor’s агенттигинин глобалдуу рейтингинде аныкталган. Ушундай эле көрсөткүчкө Бангладештин эли да жетишкен.

Джихадисттердин мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Терроризмдин дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстан 86-орунду ээледи
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан элинин 17 пайызы финансылык сабаттуу деп эсептелген Тажикстанды гана артка калтыра алды. Ал эми изилдөө боюнча сабаты жоюлган түркмөндөр 41 пайызга ээ болсо, андан кийинки орунда 40 пайыз менен Казакстан, 21 пайыз менен Өзбекстан жайгашкан.

Рейтингдин алдыңкы сабын Дания, Норвегия жана Швеция өлкөлөрү ээлеген. Мында финансылык жактан өтө сабаттуу адамдардын саны 71 пайызды түзгөн. Standard &Poor агенттигинин иликтөөсүнө ылайык, дүйнөдөгү чоң кишилердин үчтөн бири гана финансылык жактан сабаттуу экени аныкталган. 

Изилдөө 140 мамлекеттеги улуу муун арасындагы 150 миң кишини сурамжылоонун негизинде түзүлгөн. Бир жыл бою жүргүзүлгөн иш-чарада адамдардын пайыздык чен, инфляция тууралуу билими текшерилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0