Жыл ичинде 113 өспүрүм жыныстык ооруларын жуктуруп алган

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАнализге кан алуу. Архив
Анализге кан алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда сифилис менен ооругандардын саны арбып барат. Эгемендүүлүккө жеткен жылдан бери мындай дартка чалдыккандардын саны 13 эсеге көбөйгөн.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Былтыр 14 жаштан 17 жашка чейинки 113 өспүрүм жыныстык жол менен бериле турган хламидиоз оорусун жуктуруп алганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ниязалиева: КР Кыргызстанда эне өлүмү, кургак учук, ВИЧ/СПИД маселелери курч турат
Маалыматка ылайык, алардын 54ү боз улан болсо, 59у кыз балдар. Жалпы республика боюнча мындай дартка чалдыккандардын  саны 2 миңге жеткен.

Жыныстык жол менен берилчү гарденеллез кыргызстандыктардын арасында кеңири тараган — 2014-жылы бул ооруга 11,6 миң бейтап туш болгон.

Улуттук статистикалык комитет сифилис менен жабыркаган кыргызстандыктардын саны кескин жогорулап жатканын баса белгилейт. Эгемендүүлүккө жеткен жылдан бери мындай дартка чалдыккандардын саны 13 эсеге көбөйгөн. Өткөн жылы оорулуулардын саны 1082ге жетип, алардын басымдуу бөлүгүн 20-30 жаштагы кыз-келиндер түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0