БШК Каттоо кызматы түзгөн шайлоочулардын тизмесинен дал келбестиктерди аныктады

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүШайлоо участкасы. Архив
Шайлоо участкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК аппараты шайлоочулардын алдын ала тизмесин текшерүүдө жалпы республика боюнча 150 миң адамдын аты-жөнү жок экенин аныктап чыкты. Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикадан өткөн жарандардын маалымат базасын толуктоону улантып жатат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Биометрикалык каттодон өткөн 150 миң жаран шайлоочулардын тизмесине кирбей калгандыктан, Борбордук шайлоо комиссиясы тизмени кайра басып чыгарууга мажбур болуп жатканын БШК мүчөсү Надежда Давкина билдирди.

Биометрикалык маалыматтарды тапшыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоочулардын саны 2 млн. 605 миң адамга жетти
Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоого биометрикалык маалымат тапшырган жарандар гана добуш берүүгө укуктуу. Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев тизмеге 2,6 миллион адамдын аты-жөнү катталганын билдирген.

Давкинанын айтымында, тизмеге күн сайын өзгөртүүлөр кирип жатат, мында дал келбестиктер көбүнчө борбор калаада байкалууда. 20-августтан 8-сентябрга чейин тизмени жалпы республика боюнча жаңыртууга туура келген.

"Жаңы басылып чыккан тизмеге 100 миң адамдын маалыматы кошулду. Биз ар бир добуш берүүчү жаранга жашаган жери боюнча өзүн тизмеден текшерүүсүн сунуштайбыз", — деди Давкина.

Ала-Тоо аянтында Бишкек шаарынын тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоочунун тизмесинен өзүн текшерүүдө бишкектиктер ыкшоо болууда
БШК мүчөсү Мамлекеттик каттоо кызматы автоматтык түрдө базаны жаңыртып жатканын, буга чейин өзүн тизмеден таппаган адамдын жеке маалыматы бир нече күндөн кийин катталышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Давкина биометрикадан өтүп, бирок тизмеден өзүн таппаган жаран Каттоо кызматы менен 119 номери аркылуу байланышып, чоо-жайын териштирип алуусу мүмкүн экенин белгиледи.

"Мындан тышкары, каалаган кошумча шайлоо участкаларына барып, №2 форма боюнча каттоодон өтүп, ошол жерден добуш берсе болот. Кошумча участкалардын даректери БШКнын сайтында жарыяланган", — деди адис.

Давкина биометрикалык маалымат 20-сентябрга чейин кабыл алына турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0