22:47 05 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
36 0 0

"Газпром промгаз" компаниясынын башкы директору Юрий Спектор билдиргендей, 15 жыл ичинде өлкөнүн 411 калктуу пунктары газ менен камсыздалат.

БИШКЕК, 30-янв — Sputnik. "Газпром" Кыргызстандын 60% аймагын газ менен камсыздайт", — деп "Газпром промгаз" компаниясынын башкы директору Юрий Спектор өкмөттүн кезексиз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн ар бир аймагы газ менен камсыздалат.

"411 калктуу пункт жана 845 миңден ашык батир менен үйлөр газ менен камсыздалат. Газ тармактарынын жалпы узундугу 2 миң 750 чакырымды түзөт. Ошондой эле, Ысык-Көл менен Нарын облустарын автономдуу түрдө газ менен камсыздоо шарттары да каралып жатат", — деди Спектор.

"Газпром промгаз" компаниясынын башкы директору белгилегендей, Кыргызстанда газомотордук транспортту да өнүктүрүү күтүлүүдө. Долбоор 2030-жылга чейин эсептелген.


Тема боюнча

"Газпром" КР өкмөтү менен газдаштыруунун башкы планын талкуулайт
Кыргызстан Россиядан келген газдын 1000 кубометрин 165 доллардан сатып алууда
Белгилер:
Газ, Газпром, Юрий Спектор

ЭҢ МААНИЛҮҮ