https://sputnik.kg/20261119/mamataliyev-gumerova-menen-zholugushtu-1104983944.html
Маматалиев Россиядагы кыргызстандык балдарды тесттен бошотууну сунуштады
Маматалиев Россиядагы кыргызстандык балдарды тесттен бошотууну сунуштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россиядагы мектептерге кирүүнү каалаган кыргызстандык балдарды орус тилин билүү... 19.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-19T10:28+0600
2026-11-19T10:28+0600
2026-11-19T11:15+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
марлен маматалиев
россия
билим
мектеп
тестирлөө
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/13/1104986917_0:102:1280:822_1920x0_80_0_0_38ecfeee6c6aee5f2263d6861214c00e.jpg
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россиядагы мектептерге кирүүнү каалаган кыргызстандык балдарды орус тилин билүү деңгээлин аныктоочу милдеттүү тестирлөөдөн бошотууну карап чыгууну сунуштады. Бул маселе Россиянын Федерация кеңешинин илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин төрайымы Лилия Гумерова менен Бишкекте болгон жолугушууда талкууланды. Маматалиев Кыргызстанда орус тили расмий тил макамына ээ экенин белгилеп, кыргызстандык балдар үчүн жеңилдикти карап көрүүнү өтүндү. Ошондой эле Кыргызстандын мектептеринде алдын ала тестирлөө жана кеңеш берүү борборлорун түзүү демилгесин көтөрдү. Жолугушууда билим берүү тармагындагы башка маселелер да талкууланды. Төрага Россия жыл сайын кыргызстандыктарга жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 700 квота бөлүп турганын айтып, алардын санын, өзгөчө Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы алдыңкы университеттерде көбөйтүүнү сунуштады. Мындан тышкары, ал Кыргызстанда орус тилинде билим бере турган тогуз мектеп куруу боюнча биргелешкен долбоор үчүн Россия тарапка ыраазылыгын айтты. Мунун алкагында Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларындагы алгачкы үч мектепти 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда. Гумерова Россия кыргызстандык жарандардын өлкөдө билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирди. Тараптар илим, билим берүү жана маданият жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин да талкуулады. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Нуржамал Төрөбекова, Болот Сагынаев жана Гүлжан Сатиева катышты.
https://sputnik.kg/20261001/arshinova-bilim-beruu-rossiya-kyrgyzstan-forumu-1104010924.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/13/1104986917_94:0:1190:822_1920x0_80_0_0_bee26d6801d2386849b0bda9ee31bab2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, марлен маматалиев, россия, билим, мектеп, тестирлөө
кыргызстан, жогорку кеңеш, марлен маматалиев, россия, билим, мектеп, тестирлөө
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россиядагы мектептерге кирүүнү каалаган кыргызстандык балдарды орус тилин билүү деңгээлин аныктоочу милдеттүү тестирлөөдөн бошотууну карап чыгууну сунуштады. Бул маселе Россиянын Федерация кеңешинин илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин төрайымы Лилия Гумерова менен Бишкекте болгон жолугушууда талкууланды.
Маматалиев Кыргызстанда орус тили расмий тил макамына ээ экенин белгилеп, кыргызстандык балдар үчүн жеңилдикти карап көрүүнү өтүндү. Ошондой эле Кыргызстандын мектептеринде алдын ала тестирлөө жана кеңеш берүү борборлорун түзүү демилгесин көтөрдү.
Жолугушууда билим берүү тармагындагы башка маселелер да талкууланды. Төрага Россия жыл сайын кыргызстандыктарга жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 700 квота бөлүп турганын айтып, алардын санын, өзгөчө Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы алдыңкы университеттерде көбөйтүүнү сунуштады.
Мындан тышкары, ал Кыргызстанда орус тилинде билим бере турган тогуз мектеп куруу боюнча биргелешкен долбоор үчүн Россия тарапка ыраазылыгын айтты. Мунун алкагында Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларындагы алгачкы үч мектепти 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.
Гумерова Россия кыргызстандык жарандардын өлкөдө билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирди. Тараптар илим, билим берүү жана маданият жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин да талкуулады.
Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Нуржамал Төрөбекова, Болот Сагынаев жана Гүлжан Сатиева катышты.