https://sputnik.kg/20261118/tumanbaev-kara-suu-bazary-ijara-akysy-1104975669.html
Туманбаев: "Кара-Суу" базарында ижара акысы көтөрүлбөйт, мурдагы баа сакталат
Туманбаев: "Кара-Суу" базарында ижара акысы көтөрүлбөйт, мурдагы баа сакталат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кара-Суудагы "Туратали" базарында ижара акысы көтөрүлбөйт жана мурдагы баалар ошол бойдон сакталат. Бул тууралуу президенттин иш... 18.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-18T16:21+0600
2026-11-18T16:21+0600
2026-11-18T16:21+0600
кыргызстан
ош
"кара-суу" базары
ижара
акы
каныбек туманбаев
https://sputnik.kg/img/07e7/02/02/1072570547_0:235:3076:1965_1920x0_80_0_0_f5d17a65cf024438a266a9d4328dfbcf.jpg
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кара-Суудагы "Туратали" базарында ижара акысы көтөрүлбөйт жана мурдагы баалар ошол бойдон сакталат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен базардын соодагерлери менен жолугушкан учурда билдирди. Белгилей кетсек, "Кара-Суу" базары жакында эле президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кыял" мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүп берилген. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдында өткөн жолугушууда Туманбаев соодагерлердин кайрылууларын угуп, аларды тынчсыздандырган маселелер боюнча кеңири түшүндүрмө берди. Анын айтымында, ишкерлерге контейнерлерин сатууга, ижарага жана субарендага берүүгө уруксат. Бирок контейнерлер жайгашкан жер тилкеси мамлекеттик менчикте кала берет. Мындан тышкары, базардын иши толугу менен санариптештирилип, ижара төлөмдөрүн кабыл алуу электрондук системага өткөрүлөт. Бардык каражат расмий банктык эсеп аркылуу жүргүзүлүп, ар бир төлөм катталып турат. Бул чаралар көмүскө төлөмдөрдү жоюуга жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга багытталган. Туманбаев базарды мамлекеттин карамагына өткөрүүнүн башкы максаты ишкерлерге тоскоолдук жаратуу эмес, тескерисинче, ыңгайлуу шарт түзүп, базардын инфраструктурасын жакшыртуу экенин кошумчалады. Эске салсак, буга чейин Ош облусундагы "Кара-Суу" базарынын соодагерлери соода орундарынын ижара акысы кымбаттаганына нааразы болуп митингге чыгышкан.
https://sputnik.kg/20261026/osh-bazary-2027-maj-aprel-kochot-1104514254.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/02/02/1072570547_134:0:2863:2047_1920x0_80_0_0_4220ac09d9a8668159a4c357d29dae12.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош, "кара-суу" базары, ижара, акы, каныбек туманбаев
кыргызстан, ош, "кара-суу" базары, ижара, акы, каныбек туманбаев
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кара-Суудагы "Туратали" базарында ижара акысы көтөрүлбөйт жана мурдагы баалар ошол бойдон сакталат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен базардын соодагерлери менен жолугушкан учурда билдирди.
Белгилей кетсек, "Кара-Суу" базары жакында эле президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кыял" мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүп берилген.
Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдында өткөн жолугушууда Туманбаев соодагерлердин кайрылууларын угуп, аларды тынчсыздандырган маселелер боюнча кеңири түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, ишкерлерге контейнерлерин сатууга, ижарага жана субарендага берүүгө уруксат. Бирок контейнерлер жайгашкан жер тилкеси мамлекеттик менчикте кала берет.
Мындан тышкары, базардын иши толугу менен санариптештирилип, ижара төлөмдөрүн кабыл алуу электрондук системага өткөрүлөт. Бардык каражат расмий банктык эсеп аркылуу жүргүзүлүп, ар бир төлөм катталып турат. Бул чаралар көмүскө төлөмдөрдү жоюуга жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга багытталган.
Туманбаев базарды мамлекеттин карамагына өткөрүүнүн башкы максаты ишкерлерге тоскоолдук жаратуу эмес, тескерисинче, ыңгайлуу шарт түзүп, базардын инфраструктурасын жакшыртуу экенин кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин Ош облусундагы "Кара-Суу" базарынын соодагерлери соода орундарынын ижара акысы кымбаттаганына нааразы болуп митингге
чыгышкан.