https://sputnik.kg/20261118/kara-suu-bazary-soodagerler-miting-ijara-akysy---1104972518.html
"Кара-Суу" базарынын соодагерлери ижара акысына каршы митингге чыгышты. Видео
"Кара-Суу" базарынын соодагерлери ижара акысына каршы митингге чыгышты. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Ош облусундагы "Кара-Суу" базарында иштеген соодагерлер соода орундарынын ижара акысы кескин жогорулап кеткенине нааразы болуп... 18.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-18T14:53+0600
2026-11-18T14:53+0600
2026-11-18T14:53+0600
кыргызстан
"кара-суу" базары
ижара
акы
соодагер
митинг
https://sputnik.kg/img/103414/66/1034146607_0:179:3006:1870_1920x0_80_0_0_5b566e3703728a4c465d16c3a011a9f0.jpg
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Ош облусундагы "Кара-Суу" базарында иштеген соодагерлер соода орундарынын ижара акысы кескин жогорулап кеткенине нааразы болуп митингге чыгышты. Аталган базарда соода кылган Роза аттуу ишкердин айтымында, буга чейин соодагерлер контейнердин чоң-кичинесине карабастан орду үчүн айына 4 500 сомго чейин төлөп келишкен. Эми мындан ары төлөм ээлеген аянттын чарчы метрине жараша эсептеле турган болуп жатат. Ал ошондой эле баа көтөрүлгөнү менен базардагы шарттар мурдагы калыбында калып, жакшырбаганын белгиледи. Соодагердин сөзүнө караганда, күн суук болгонуна карабай базарда жылыткычтарды да сайдырбай жатышат.
https://sputnik.kg/20261117/jashy-jete-elekterge-elektr-samokat-ijaraga-beruu-tyyuu-1104954883.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103414/66/1034146607_138:0:2869:2048_1920x0_80_0_0_4a2b557b12817c17972729fa7b1b7d4e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, "кара-суу" базары, ижара, акы, соодагер, митинг
кыргызстан, "кара-суу" базары, ижара, акы, соодагер, митинг
"Кара-Суу" базарынын соодагерлери ижара акысына каршы митингге чыгышты. Видео
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Ош облусундагы "Кара-Суу" базарында иштеген соодагерлер соода орундарынын ижара акысы кескин жогорулап кеткенине нааразы болуп митингге чыгышты.
Аталган базарда соода кылган Роза аттуу ишкердин айтымында, буга чейин соодагерлер контейнердин чоң-кичинесине карабастан орду үчүн айына 4 500 сомго чейин төлөп келишкен. Эми мындан ары төлөм ээлеген аянттын чарчы метрине жараша эсептеле турган болуп жатат.
"Чарчы метрине канчадан төлөй турганыбыз азырынча белгисиз. Биз тараптагы бир соодагер келишим түзүп 12 миң сом төлөптүр, башкалар ошого каршы болуп жатышат. Экинчи кабатта склад катары колдонулган контейнерлери барлар дагы бар, эми аларга да акы төлөнөт экен деп жатышат. Мурун үстүңкү кабаттагыларга төлөнчү эмес. Эми экөөнө тең төлөнүп, чарчы метри канча болсо ошого жараша бөлүнөт дешүүдө. Ар бир контейнерге четинен кирип, айрымдар менен келишим түзүп кетишкен экен. Кара-Суунун акимине жолукканыбызда, ал эртең Бишкектен комиссия келип текшерип, анан чечилерин айтып, эртең дагы чогулууну сунуштады. Азыр ошону күтүп жатабыз", — деди соодагер.
Ал ошондой эле баа көтөрүлгөнү менен базардагы шарттар мурдагы калыбында калып, жакшырбаганын белгиледи. Соодагердин сөзүнө караганда, күн суук болгонуна карабай базарда жылыткычтарды да сайдырбай жатышат.