https://sputnik.kg/20261118/putin-si-tszinpin-suyloshuu-1104967077.html
Путин менен Си Цзиньпин Шэньчжэнде эмнелерди талкуулашты. Урунттуу учурлар
Путин менен Си Цзиньпин Шэньчжэнде эмнелерди талкуулашты. Урунттуу учурлар
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АТЭС саммитинин алкагында эки тараптуу мамилелерди жана эл... 18.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-18T12:18+0600
2026-11-18T12:18+0600
2026-11-18T12:18+0600
дүйнөдө
кытай
россия
атэс
саммит
владимир путин
си цзиньпин
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/12/1104964190_0:0:3008:1691_1920x0_80_0_0_142c9683d252e402592d992aabf9e1ae.jpg
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АТЭС саммитинин алкагында эки тараптуу мамилелерди жана эл аралык абалды талкуулашты. Россия лидери Шэньчжэнь шаарын Кытайдын гүлдөп-өнүгүшүнүн символу жана үлгү ала турган мыкты мисал деп атады. Путин ошондой эле Россия менен Кытайдын тышкы саясаттагы кызматташтыгы туруктуу жана жакшы нукта жүрүп жатканын белгиледи. Ал татаал геосаясий кырдаалга карабай эки өлкө тең дүйнөдө адилеттүү тартип орнотуу багытында иш жүргүзүп жатканын кошумчалады. Ал эми Кытай лидери эки өлкөнүн ортосундагы мамиле бекем экенин билдирди. "Сиз экөөбүздүн жетекчилигибиз астында Кытай — Россия мамилелери кандай гана кыйынчылыктар менен сыноолор болбосун, тоодой бекем жана туруктуу бойдон калууда", — деди КЭР башчысы. Путиндин негизги билдирүүлөрү: Си Цзиньпиндин негизги билдирүүлөрү: Жолугушуу "Цилинь Шаньчжуан" мамлекеттик резиденциясында өттү. Россиялык делегациянын курамына вице-премьерлер Татьяна Голикова жана Дмитрий Чернышенко, вице-премьер — каржы министри Антон Силуанов, тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Андрей Белоусов, маданият министри Ольга Любимова, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников, илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков жана энергетика министри Сергей Цивилев кирди. Мындан тышкары, Россия — Кытай сүйлөшүүлөрүнө президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков жана президенттик администрация жетекчисинин орун басары Максим Орешкин катышты.
https://sputnik.kg/20261118/putin-sanktsiyalar-ekonomikany-talkalay-albayt-ates--1104965550.html
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/12/1104964190_133:0:2864:2048_1920x0_80_0_0_0d63850e3338b4fda3758dfe9b946748.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, кытай, россия, атэс, саммит, владимир путин, си цзиньпин
дүйнөдө, кытай, россия, атэс, саммит, владимир путин, си цзиньпин
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АТЭС саммитинин алкагында эки тараптуу мамилелерди жана эл аралык абалды талкуулашты.
Россия лидери Шэньчжэнь шаарын Кытайдын гүлдөп-өнүгүшүнүн символу жана үлгү ала турган мыкты мисал деп атады.
"Сиз менен Шэньчжэнь шаарында жолугушуп жатканыма чын жүрөктөн кубанычтамын. АТЭС алкагында делегациялардын жолугушуусу үчүн дал ушул тез өнүгүп жаткан, кооз шаарды тандап алганыңыз бекеринен эмес деп ойлойм. Бул шаар — Кытайдын гүлдөп-өнүгүүсүнүн символу жана ыкчам өсүп жаткан эң ири мегаполистердин бири. Сиздерди муну менен куттуктайбыз, бул — үлгү ала турган жакшы мисал", — деди ал.
Путин ошондой эле Россия менен Кытайдын тышкы саясаттагы кызматташтыгы туруктуу жана жакшы нукта жүрүп жатканын белгиледи. Ал татаал геосаясий кырдаалга карабай эки өлкө тең дүйнөдө адилеттүү тартип орнотуу багытында иш жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Ал эми Кытай лидери эки өлкөнүн ортосундагы мамиле бекем экенин билдирди.
"Сиз экөөбүздүн жетекчилигибиз астында Кытай — Россия мамилелери кандай гана кыйынчылыктар менен сыноолор болбосун, тоодой бекем жана туруктуу бойдон калууда", — деди КЭР башчысы.
Путиндин негизги билдирүүлөрү:
Россия менен Кытайдын товар жүгүртүүсү бир нече жыл катары менен 200 миллиард доллардык чектен кыйла ашып келет;
Пекиндин демилгеси менен киргизилген визасыз режимдин аркасында эки өлкөнүн ортосундагы туристтик агым өсүүдө;
Россия менен Кытай кыйла адилеттүү, көп уюлдуу дүйнө түзүлүшүн калыптандыруу боюнча конструктивдүү мамилени карманышат.
Си Цзиньпиндин негизги билдирүүлөрү:
Кытай Россия менен биргеликте Азия-Тынч океан аймагынын гүлдөп-өнүгүшү үчүн иштөөгө даяр;
эки өлкөнүн мамилеси дүйнөгө көбүрөөк туруктуулук алып келет жана чоң келечекке ээ.
Жолугушуу "Цилинь Шаньчжуан" мамлекеттик резиденциясында өттү. Россиялык делегациянын курамына вице-премьерлер Татьяна Голикова жана Дмитрий Чернышенко, вице-премьер — каржы министри Антон Силуанов, тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Андрей Белоусов, маданият министри Ольга Любимова, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников, илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков жана энергетика министри Сергей Цивилев кирди.
Мындан тышкары, Россия — Кытай сүйлөшүүлөрүнө президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков жана президенттик администрация жетекчисинин орун басары Максим Орешкин катышты.