https://sputnik.kg/20261118/putin-sanktsiyalar-ekonomikany-talkalay-albayt-ates--1104965550.html
Путин: санкциялар өсүштү токтотуп, экономиканы кыйрата албайт
Путин: санкциялар өсүштү токтотуп, экономиканы кыйрата албайт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Санкциялар жана соода чектөөлөрү башка өлкөнүн өсүшүн токтотуп, экономикасын кыйрата албайт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир... 18.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-18T11:47+0600
2026-11-18T11:47+0600
2026-11-18T11:47+0600
дүйнөдө
россия
кытай
владимир путин
атэс
саммит
европа
санкциялар
https://sputnik.kg/img/07ea/06/05/1101738325_0:0:2884:1623_1920x0_80_0_0_e7c8956dfd111182b54305d2c6e80e67.jpg
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Санкциялар жана соода чектөөлөрү башка өлкөнүн өсүшүн токтотуп, экономикасын кыйрата албайт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Кытайда өтүп жаткан Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АТЭС) саммитинде билдирди. Ал экономикалар бири-бири менен тыгыз байланышып турган шартта өндүрүш чынжырынын бир эле бөлүгүнө жасалма тоскоолдук жаратуу калган бардык тармактарга зыян келтирерин белгиледи. Бүгүнкү күндө санкцияларды байма-бай киргизип жаткан өлкөлөрдө дал ушундай абал байкалууда. Белгилей кетсек, саммит Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтүп жатат.
https://sputnik.kg/20261118/putin-aziya-tynch-okean-aimagy-ekonomika-borboru-1104962770.html
кытай
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/05/1101738325_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_5e30e07a175e51a1ef76fe3c7ec199b3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, кытай, владимир путин, атэс, саммит, европа, санкциялар
дүйнөдө, россия, кытай, владимир путин, атэс, саммит, европа, санкциялар
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Санкциялар жана соода чектөөлөрү башка өлкөнүн өсүшүн токтотуп, экономикасын кыйрата албайт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Кытайда өтүп жаткан Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АТЭС) саммитинде билдирди.
"Санкциялар, тарифтер жана экспорттук чектөөлөр кандайдыр бир деңгээлде тоскоолдук жаратышы мүмкүн, бирок атаандаштын өсүшүн биротоло токтотуп, экономикасын талкалоого азыр күчү жетпей калды. Буга Россияны обочолонтуу аракеттери ишке ашпай калганы мисал боло алат. Биздин өлкө киргизилген санкциялардын саны боюнча дүйнөлүк рекордсмен болду", — деди Путин.
Ал экономикалар бири-бири менен тыгыз байланышып турган шартта өндүрүш чынжырынын бир эле бөлүгүнө жасалма тоскоолдук жаратуу калган бардык тармактарга зыян келтирерин белгиледи. Бүгүнкү күндө санкцияларды байма-бай киргизип жаткан өлкөлөрдө дал ушундай абал байкалууда.
"Мурда үстөмдүк кылып келген тараптар жаңы шарттарга ыңгайлашуунун ордуна ийгиликке жетип жаткан өлкөлөрдүн өнүгүшүнө бут тосууга аракет кылышууда. Экономикалык үстөмдүк кылуунун жана мажбурлоонун эски ыкмалары өзүн актабай калды. Биз доллар менен евродон баш тарткан эмеспиз, тескерисинче, алар бизден баш тартышты. Бирок муну менен өздөрүнө зыян келтиришти", — деди президент.
Белгилей кетсек, саммит Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтүп жатат.