https://sputnik.kg/20261118/putin-aziya-tynch-okean-aimagy-ekonomika-borboru-1104962770.html
Путин: Азиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрү инновациялардын локомотивине айланды
Путин: Азиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрү инновациялардын локомотивине айланды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Азия-Тынч океан аймагы (АТЭС) бүгүнкү күндө глобалдык экономиканын борборуна, планетанын башкы өнөр жай жана технологиялык хабына... 18.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-18T10:09+0600
2026-11-18T10:09+0600
2026-11-18T10:09+0600
дүйнөдө
азия
тынч океаны
владимир путин
экономика
лидер
саммит
https://sputnik.kg/img/07ea/09/03/1103432929_0:0:3206:1804_1920x0_80_0_0_0aeae3384fa7ea11f825121dc47ebd4b.jpg
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Азия-Тынч океан аймагы (АТЭС) бүгүнкү күндө глобалдык экономиканын борборуна, планетанын башкы өнөр жай жана технологиялык хабына айланды. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин АТЭС саммитинде сүйлөп жатып билдирди. Мамлекет башчысы аймакта чоң өзгөрүүлөр болуп, "тектоникалык жылыш" болгонун белгилеген. Анын айтымында, аймакка дүйнөлүк чет элдик түз инвестициялардын 60 пайыздан ашыгы агылып келүүдө. Мындан тышкары, АТЭСте ири рыноктор топтолуп, дүйнөнүн алдыңкы компаниялары, заманбап илимий-изилдөө жана билим берүү кластерлери жайгашкан. Россия лидери бул өзгөрүүлөр негизинен Азиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн арты менен ишке ашканын белгиледи. "Алар алдыга карай эбегейсиз секирик жасашты. Мурда бул мамлекеттер батыш компаниялары жөнөкөй чогултуучу өндүрүштөрдү гана жайгаштырган "дүйнөлүк фабрика" болушса, бүгүн глобалдык өнүгүүнүн лидерлерине жана ачылыштардын локомотивине айланышты. Эми алар татаал машина куруу, робототехника, санариптештирүү жана жасалма интеллект тармактарындагы келечек багытын өздөрү белгилеп жатышат", — деп кошумчалады президент.
https://sputnik.kg/20261117/kyrgyzstan-eaeb-sooda--1104936557.html
тынч океаны
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/03/1103432929_28:0:2759:2048_1920x0_80_0_0_2676912b127e9b735a068eeb2944f2c4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, азия, тынч океаны, владимир путин, экономика, лидер, саммит
дүйнөдө, азия, тынч океаны, владимир путин, экономика, лидер, саммит
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Азия-Тынч океан аймагы (АТЭС) бүгүнкү күндө глобалдык экономиканын борборуна, планетанын башкы өнөр жай жана технологиялык хабына айланды. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин АТЭС саммитинде сүйлөп жатып билдирди.
Мамлекет башчысы аймакта чоң өзгөрүүлөр болуп, "тектоникалык жылыш" болгонун белгилеген.
"Азия-Тынч океан аймагына дүйнөлүк ИДПнын 60 пайыздан ашыгы жана калктын 36 пайызы туура келет. Ошондой эле дүйнөлүк сооданын 50 пайызын жана кызмат көрсөтүүнүн 35 пайызын түзөт", — деди Путин.
Анын айтымында, аймакка дүйнөлүк чет элдик түз инвестициялардын 60 пайыздан ашыгы агылып келүүдө. Мындан тышкары, АТЭСте ири рыноктор топтолуп, дүйнөнүн алдыңкы компаниялары, заманбап илимий-изилдөө жана билим берүү кластерлери жайгашкан.
Россия лидери бул өзгөрүүлөр негизинен Азиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн арты менен ишке ашканын белгиледи.
"Алар алдыга карай эбегейсиз секирик жасашты. Мурда бул мамлекеттер батыш компаниялары жөнөкөй чогултуучу өндүрүштөрдү гана жайгаштырган "дүйнөлүк фабрика" болушса, бүгүн глобалдык өнүгүүнүн лидерлерине жана ачылыштардын локомотивине айланышты. Эми алар татаал машина куруу, робототехника, санариптештирүү жана жасалма интеллект тармактарындагы келечек багытын өздөрү белгилеп жатышат", — деп кошумчалады президент.