Подмосковьеде панфиловчу баатырлар эскерилди. Сүрөт
Подмосковьеде панфиловчу баатырлар эскерилди. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Москва облусунун Волоколамск районунда панфиловчу баатырлардын эрдигинин 85 жылдыгына арналган эскерүү акциясы өттү. Бул тууралуу... 17.11.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Москва облусунун Волоколамск районунда панфиловчу баатырлардын эрдигинин 85 жылдыгына арналган эскерүү акциясы өттү. Бул тууралуу Россиянын Аскердик-тарыхый коому кабарлады.Иш-чара "Панфиловчу баатырларга" арналган мемориалда өтүп, ага Россия, Кыргызстан жана Казакстандын өкүлдөрү катышты.1941-жылдын 16-ноябрында генерал-майор Иван Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясынын жоокерлери Москваны Волоколамск багытында коргоого катышкан. Дивизия Алматы жана Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарларында түзүлүп, анын катарында ар түрдүү улуттун өкүлдөрү болгон.Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) өкүлү, КРдин Россиядагы элчилигинин кеңешчиси Алмазбек Зымчыбек уулу панфиловчулардын эрдиги өлкө тарыхында өзгөчө орунду ээлээрин баса белгиледи.Россиянын Аскердик-тарыхый коомунун илимий директору Михаил Мягков дивизиянын көп улуттуу курамы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССР элдеринин биримдигинин үлгүсү болгонун белгиледи.Казакстандын элчилигинин кеңешчиси Ерлан Шамишев Москванын босогосунда курман болгон панфиловчу баатырларды эстеп, аларга таазим кылуу — аскердик жана адамдык парз экенин белгиледи.Россиянын Коргоо министрлигинин атынан РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы аскердик-саясий башкармалыгынын жетекчиси Андрей Колясников сөз сүйлөдү. Ал коргоо министринин орун басары, РФ КК Башкы аскердик-саясий башкармалыгынын начальниги, армиянын генералы Виктор Горемыкиндин саламын жеткирди.Андан кийин катышуучулар Нелидово айылындагы панфиловчулар жаткан Боордоштор мүрзөсүнө гүл коюп, музейге барышты. Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын өкүлдөрү жана баатырлардын урпактары чогулуп, чакан жыйын өткөрүштү. Иш-чаранын соңунда Россиянын Аскердик-тарыхый коому музейге Москва үчүн болгон согуш тууралуу жаңы китепти белек кылды.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Москва облусунун Волоколамск районунда панфиловчу баатырлардын эрдигинин 85 жылдыгына арналган эскерүү акциясы өттү. Бул тууралуу Россиянын Аскердик-тарыхый коому кабарлады.
Иш-чара "Панфиловчу баатырларга" арналган мемориалда өтүп, ага Россия, Кыргызстан жана Казакстандын өкүлдөрү катышты.
1941-жылдын 16-ноябрында генерал-майор Иван Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясынын жоокерлери Москваны Волоколамск багытында коргоого катышкан. Дивизия Алматы жана Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарларында түзүлүп, анын катарында ар түрдүү улуттун өкүлдөрү болгон.
Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) өкүлү, КРдин Россиядагы элчилигинин кеңешчиси Алмазбек Зымчыбек уулу панфиловчулардын эрдиги өлкө тарыхында өзгөчө орунду ээлээрин баса белгиледи.
"Биздин республика үчүн бул дивизия — тарыхтын жөн эле бир барагы эмес, элибиздин жанынын бир бөлүгү. Ал биздин өлкөдө, Фрунзеде, азыркы Бишкекте түзүлгөн. Так ушул Кыргызстандан Москваны коргоого эң мыкты миңдеген уул-кыздар аттанган, алардын көбү фронтко ыктыярдуу түрдө кетишкен. Генерал Иван Васильевич Панфилов өзү согушка чейин Кыргыз ССРинин аскер комиссары болгон. Ал биздин аймакты жакшы билип, чын жүрөктөн сүйгөн, ал эми жоокерлер ага чексиз ишеним көрсөтүп, жөн гана „батя“ деп аташчу", — деди ал.
Россиянын Аскердик-тарыхый коомунун илимий директору Михаил Мягков дивизиянын көп улуттуу курамы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССР элдеринин биримдигинин үлгүсү болгонун белгиледи.
"316-дивизиянын жоокерлеринин арасында ар түрдүү улуттун өкүлдөрү болгон. Бул Советтер Союзунун кичирейтилген үлгүсүндөй эле. Дивизия Алматыда, Фрунзеде түзүлгөн. Ал жерде орустар, казактар, кыргыздар, украиндер болгон. Жеңишке дал ушул көп улуттуу элдин биримдиги жеткирген деп ойлойм. Эгерде ушул биримдик болбогондо, анда биз дагы болмок эмеспиз", — деди Мягков.
Казакстандын элчилигинин кеңешчиси Ерлан Шамишев Москванын босогосунда курман болгон панфиловчу баатырларды эстеп, аларга таазим кылуу — аскердик жана адамдык парз экенин белгиледи.
"Биз бул парзды келечек муундарга өткөрүп берүү үчүн аткарабыз жана муну элдерибиз менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы тирүү көпүрө катары сактайбыз", — деди ал.
Россиянын Коргоо министрлигинин атынан РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы аскердик-саясий башкармалыгынын жетекчиси Андрей Колясников сөз сүйлөдү. Ал коргоо министринин орун басары, РФ КК Башкы аскердик-саясий башкармалыгынын начальниги, армиянын генералы Виктор Горемыкиндин саламын жеткирди.
"Казакстанда жана Кыргызстанда түзүлгөн дивизиянын курамы интернационалдык болгон, анын өзөгүн орустар, казактар, кыргыздар жана украиндер түзгөн. Алар менен бир катарда туруп фашисттик баскынчылар менен өзбектер, татарлар, тажиктер, беларустар, башкырлар жана башка улуттун өкүлдөрү согушкан", — деп айтылат саламда.
Андан кийин катышуучулар Нелидово айылындагы панфиловчулар жаткан Боордоштор мүрзөсүнө гүл коюп, музейге барышты. Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын өкүлдөрү жана баатырлардын урпактары чогулуп, чакан жыйын өткөрүштү. Иш-чаранын соңунда Россиянын Аскердик-тарыхый коому музейге Москва үчүн болгон согуш тууралуу жаңы китепти белек кылды.