https://sputnik.kg/20261116/85-zhyl-ilgeri-moskva-uchun-bolgon-katuu-karmash-1104929117.html
85 жыл илгери Москва үчүн болгон катуу кармаш. Панфиловчулардын видеосу
85 жыл илгери Москва үчүн болгон катуу кармаш. Панфиловчулардын видеосу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштагы панфиловчу баатырлардын эрдиги тууралуу кеп кылмакчыбыз. 1941-жылдын 16-ноябрында Дубосеково... 16.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-16T20:21+0600
2026-11-16T20:21+0600
2026-11-16T20:21+0600
ссср
улуу ата мекендик согуш
панфиловчу
кыргыз
казак
советтик жоокерлер
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104928049_0:828:2048:1980_1920x0_80_0_0_781902942099aecc5e2336ada10f23f8.jpg
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштагы панфиловчу баатырлардын эрдиги тууралуу кеп кылмакчыбыз. 1941-жылдын 16-ноябрында Дубосеково разъездинин жанында генерал Иван Панфиловдун дивизиясынын жоокерлери немецтердин жыйырмага жакын танкасын талкалап, фашисттердин Москвага карай чабуулун токтоткон. Борбор калаа үчүн салгылашуу Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы жылындагы чечүүчү учур болгон. Немец командачылыгы негизги күчүн Волоколамск шоссесине таштаганда, Казак жана Кыргыз ССРинде куралган 316-аткычтар дивизиясына "акырына чейин туруштук бергиле" деген буйрук болгон. 16-ноябрдагы катуу соккуну саясий жетекчи (политрук) Василий Георгиевич Клочков башкарган 4-рота өзүнө алган. Танкага каршы курал-жарактардын кескин жетишсиздигине карабастан панфиловчулар төрт саат бою душмандын танкалары менен жөө аскерлеринин чабуулун майтарып, 18 танкасын кыйратат. "Россия кең, бирок чегинүүгө жер жок, артыбызда — Москва!" Клочковдун салгылаш алдында жоокерлерге айткан бул сөзү бүткүл Советтер Союзуна тараган. Политрук өзү курман болгону менен анын чакырык, урааны кайраттуулук менен туруктуулуктун символуна айланды. Теңдешсиз эрдиги үчүн кыргызстандык, казакстандык панфиловчуларга курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. 1948-жылы эле СССРдин Аскердик прокуратурасы 28 баатыр тууралуу калыптанып калган окуяны көбүн эсе "Красная звезда" гезитинин журналисттери ойлоп тапкан көркөм образ экенин аныктап чыккан. Тактап айтсак, 1948-жылдагы прокуратуранын тыянагы "эрдик болгон эмес" дегенди эмес, "эрдик башкача форматта жана алда канча көп жоокердин катышуусунда болгон" дегенди билдирет. Кайра куруу маалындагы советтик тарыхтын баарын "ашкерелеп, кылдан кыйкым издөө" толкунунда айрым изилдөөчүлөр немец тараптын гана маалыматтарына таянып, Дубосеководо дегеле эч кандай салгылаш болгон эмес дегенге чейин барышкан. Кесипкөй тарыхчылар маалыматтык булактарды сын көз менен талдай албаган мындай мамилени сынга алышкан. Фактылар өзү эле баарын айтып турат. Бул тилкеде (разъездде) бүтүндөй дивизия жан аябай салгылашкан. Устав боюнча, дивизия 8 чакырымдык фронт тилкесин коргоого тийиш болсо, иш жүзүндө 40 чакырымга чейин жайылып жаткан. Генерал Панфиловдун туташ коргонуу сызыгын түзүүгө аскер күчү жетпегендиктен ал таяныч пунктуларынын системасын курган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстан менен Казакстанда куралган 316-аткычтар дивизиясы өзгөчө эрдиги менен айырмаланганы маалым. Аскердик бирикмени 1941-жылы жайында Кыргыз ССРинин аскер комиссары, генерал-майор Иван Панфилов кураган, анда 30 улуттун өкүлү бар эле. Октябрда дивизия Батыш фронтко келген. Москва үчүн салгылаштын алдында панфиловчулар даңазалуу кол башчы Константин Рокоссовский жетектеген 16-армиянын курамына кирген. 1941-жылы күздө Волоколамск районундагы Нелидево кыштагынын жанында 316-аткычтар дивизиясы фашисттик баскынчылардын 11-танк дивизиясы менен бет келген. Панфилов баштаган аткычтар кошууну такшалган гитлерчилерди таң калтырып, эки айдан ашуун Волоколамск багытында танкалык жана жөө аскердик чабуулдардын мизин кайтарып турган. 1941-жылы Панфиловдун тактикасын үзөңгүлөшү, 1073-Талгар аткычтар полкунун командири Бауыржан Момышулы ишке ашырган. Ал Москваны коргоодо көчмөндөрдүн тактикасын (алдыга чалгынчыларын жиберип, алар топтогон маалыматтын негизинде кол салып, туш-туштан жаачыларын аттырып, душмандын айласын кетирет. Андан кийин артка чегинимиш болуп, буктурмага туш кылып, топтолуп турган аскерлер каршы тараптын таш-талканын чыгарган — ред.) колдонуп, 27 ирет ийгиликтүү контрчабуулдарды уюштуруп, душмандын эсин оодарган. Бул тактикалык ыкма азыр да "Бауржандын эшилме сызыгы" деп аталат. Момышулынын жоокерлеринин арасында ала-тоолуктар да бар эле. Мындан улам гитлерчилер панфиловчуларды "Азиядан келген жапайы дивизия" деп атаса, фашисттик 4-танкалык топтун кол башчысы, генерал-полковник Эрих Гепнерган "согуштун бардык эрежесин бузуп салгылашкан, жоокерлери өлүмдөн коркпогон, коммунизм идеяларына сугарылган, бирин да туткундоого мүмкүн болбогон дивизия" деген мүнөздөмө берген. 316-аткычтар дивизиясынын катарында атактуу акын Сооронбай Жусуев, жазуучу жана белгилүү маданий ишмер Шаршеналы Усубалиев бар эле. 1941-жылы 18-ноябрда Гусенево (Волоколамск району, Москва облусу) кыштагында катуу жарадар болгон Панфилов каза болот. Ал Москвадагы Дон көрүстөнүнө коюлуп, кийин Новодевичьеге кайра көмүлгөн. 1942-жылдын 12-апрелинде Иван Панфиловго Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген. 1942-жылы Бауыржан Момышулы полку менен Новгород аймагындагы Демьянск кыштагынын жанында жогорудагы тактикасын колдонуп, Гитлердин тандалма "Өлүк баш" деп аталган дивизиясын талкалаган. Александр Бек дивизиянын эрдигин "Волоколамск шоссеси" повестинде түбөлүккө калтырган. Че Гевара бул китепти партизандык согуштун башкы окуу куралы деп атаса, Фидель Кастро Момышулыны өзү үчүн Экинчи дүйнөлүк согуштун башкы каарманы катары баалаган. Теңдешсиз эрдиктин жана оор жоготуулардын эсебинен дивизия эң кымбат нерсени — убакыттан утуп, душманды борбор калаанын дал босогосунда кармап калды. Ал эми декабрь айында советтик аскерлер контрчабуулга өтүп, фашисттерди артка сүрүп таштаган. Фронтко келген 11 347 жоокердин ичинен дивизия эки айдын ичинде курман болгондорду, жаракат алгандарды, туткунга түшкөндөрдү жана дайынсыз жоголгондорду кошкондо 9 900 адамынан айрылган. Бул окуя совет элинин башына түшкөн оор трагедиянын чыныгы жүзүн чагылдырып турат. Андай болсо, миңдеген жоокерлердин эрдигин бириктирип, миллиондогон адамдарга дем берген 28 баатыр тууралуу аңызга айланткан журналисттерди айыптоого болобу?
https://sputnik.kg/20250720/panfilovchular-fotolenta--1095375947.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104928049_0:636:2048:2172_1920x0_80_0_0_b804968a0f7d7bb977353ce45bc9c7d0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, улуу ата мекендик согуш, панфиловчу, кыргыз, казак, советтик жоокерлер
ссср, улуу ата мекендик согуш, панфиловчу, кыргыз, казак, советтик жоокерлер
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштагы панфиловчу баатырлардын эрдиги тууралуу кеп кылмакчыбыз. 1941-жылдын 16-ноябрында Дубосеково разъездинин жанында генерал Иван Панфиловдун дивизиясынын жоокерлери немецтердин жыйырмага жакын танкасын талкалап, фашисттердин Москвага карай чабуулун токтоткон.
Борбор калаа үчүн салгылашуу Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы жылындагы чечүүчү учур болгон. Немец командачылыгы негизги күчүн Волоколамск шоссесине таштаганда, Казак жана Кыргыз ССРинде куралган 316-аткычтар дивизиясына "акырына чейин туруштук бергиле" деген буйрук болгон. 16-ноябрдагы катуу соккуну саясий жетекчи (политрук) Василий Георгиевич Клочков башкарган 4-рота өзүнө алган.
Танкага каршы курал-жарактардын кескин жетишсиздигине карабастан панфиловчулар төрт саат бою душмандын танкалары менен жөө аскерлеринин чабуулун майтарып, 18 танкасын кыйратат.
"Россия кең, бирок чегинүүгө жер жок, артыбызда — Москва!"
Клочковдун салгылаш алдында жоокерлерге айткан бул сөзү бүткүл Советтер Союзуна тараган. Политрук өзү курман болгону менен анын чакырык, урааны кайраттуулук менен туруктуулуктун символуна айланды. Теңдешсиз эрдиги үчүн кыргызстандык, казакстандык панфиловчуларга курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
1948-жылы эле СССРдин Аскердик прокуратурасы 28 баатыр тууралуу калыптанып калган окуяны көбүн эсе "Красная звезда" гезитинин журналисттери ойлоп тапкан көркөм образ экенин аныктап чыккан.
Тактап айтсак, 1948-жылдагы прокуратуранын тыянагы "эрдик болгон эмес" дегенди эмес, "эрдик башкача форматта жана алда канча көп жоокердин катышуусунда болгон" дегенди билдирет.
Кайра куруу маалындагы советтик тарыхтын баарын "ашкерелеп, кылдан кыйкым издөө" толкунунда айрым изилдөөчүлөр немец тараптын гана маалыматтарына таянып, Дубосеководо дегеле эч кандай салгылаш болгон эмес дегенге чейин барышкан.
Кесипкөй тарыхчылар маалыматтык булактарды сын көз менен талдай албаган мындай мамилени сынга алышкан. Фактылар өзү эле баарын айтып турат. Бул тилкеде (разъездде) бүтүндөй дивизия жан аябай салгылашкан. Устав боюнча, дивизия 8 чакырымдык фронт тилкесин коргоого тийиш болсо, иш жүзүндө 40 чакырымга чейин жайылып жаткан. Генерал Панфиловдун туташ коргонуу сызыгын түзүүгө аскер күчү жетпегендиктен ал таяныч пунктуларынын системасын курган.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстан менен Казакстанда куралган 316-аткычтар дивизиясы өзгөчө эрдиги менен айырмаланганы маалым. Аскердик бирикмени 1941-жылы жайында Кыргыз ССРинин аскер комиссары, генерал-майор Иван Панфилов кураган, анда 30 улуттун өкүлү бар эле. Октябрда дивизия Батыш фронтко келген. Москва үчүн салгылаштын алдында панфиловчулар даңазалуу кол башчы Константин Рокоссовский жетектеген 16-армиянын курамына кирген.
1941-жылы күздө Волоколамск районундагы Нелидево кыштагынын жанында 316-аткычтар дивизиясы фашисттик баскынчылардын 11-танк дивизиясы менен бет келген. Панфилов баштаган аткычтар кошууну такшалган гитлерчилерди таң калтырып, эки айдан ашуун Волоколамск багытында танкалык жана жөө аскердик чабуулдардын мизин кайтарып турган. 1941-жылы Панфиловдун тактикасын үзөңгүлөшү, 1073-Талгар аткычтар полкунун командири Бауыржан Момышулы ишке ашырган. Ал Москваны коргоодо көчмөндөрдүн тактикасын (алдыга чалгынчыларын жиберип, алар топтогон маалыматтын негизинде кол салып, туш-туштан жаачыларын аттырып, душмандын айласын кетирет. Андан кийин артка чегинимиш болуп, буктурмага туш кылып, топтолуп турган аскерлер каршы тараптын таш-талканын чыгарган — ред.) колдонуп, 27 ирет ийгиликтүү контрчабуулдарды уюштуруп, душмандын эсин оодарган. Бул тактикалык ыкма азыр да "Бауржандын эшилме сызыгы" деп аталат. Момышулынын жоокерлеринин арасында ала-тоолуктар да бар эле. Мындан улам гитлерчилер панфиловчуларды "Азиядан келген жапайы дивизия" деп атаса, фашисттик 4-танкалык топтун кол башчысы, генерал-полковник Эрих Гепнерган "согуштун бардык эрежесин бузуп салгылашкан, жоокерлери өлүмдөн коркпогон, коммунизм идеяларына сугарылган, бирин да туткундоого мүмкүн болбогон дивизия" деген мүнөздөмө берген. 316-аткычтар дивизиясынын катарында атактуу акын Сооронбай Жусуев, жазуучу жана белгилүү маданий ишмер Шаршеналы Усубалиев бар эле.
1941-жылы 18-ноябрда Гусенево (Волоколамск району, Москва облусу) кыштагында катуу жарадар болгон Панфилов каза болот. Ал Москвадагы Дон көрүстөнүнө коюлуп, кийин Новодевичьеге кайра көмүлгөн.
1942-жылдын 12-апрелинде Иван Панфиловго Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген. 1942-жылы Бауыржан Момышулы полку менен Новгород аймагындагы Демьянск кыштагынын жанында жогорудагы тактикасын колдонуп, Гитлердин тандалма "Өлүк баш" деп аталган дивизиясын талкалаган.
Александр Бек дивизиянын эрдигин "Волоколамск шоссеси" повестинде түбөлүккө калтырган. Че Гевара бул китепти партизандык согуштун башкы окуу куралы деп атаса, Фидель Кастро Момышулыны өзү үчүн Экинчи дүйнөлүк согуштун башкы каарманы катары баалаган.
Теңдешсиз эрдиктин жана оор жоготуулардын эсебинен дивизия эң кымбат нерсени — убакыттан утуп, душманды борбор калаанын дал босогосунда кармап калды. Ал эми декабрь айында советтик аскерлер контрчабуулга өтүп, фашисттерди артка сүрүп таштаган. Фронтко келген 11 347 жоокердин ичинен дивизия эки айдын ичинде курман болгондорду, жаракат алгандарды, туткунга түшкөндөрдү жана дайынсыз жоголгондорду кошкондо 9 900 адамынан айрылган. Бул окуя совет элинин башына түшкөн оор трагедиянын чыныгы жүзүн чагылдырып турат.
Андай болсо, миңдеген жоокерлердин эрдигин бириктирип, миллиондогон адамдарга дем берген 28 баатыр тууралуу аңызга айланткан журналисттерди айыптоого болобу?