https://sputnik.kg/20261112/ala-archada-kutkaruu-borboru-kurulat-1104853567.html
Ала-Арчада күнү-түнү иштеген куткаруу борбору курулат
Ала-Арчада күнү-түнү иштеген куткаруу борбору курулат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында куткаруу кызматы туруктуу иштей турган эл аралык туристтик борбор куруу... 12.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-12T12:05+0600
2026-11-12T12:05+0600
2026-11-12T12:32+0600
кыргызстан
бишкек
"ала-арча" улуттук паркы
куткаруучу
кырсык
даярдык
алдын алуу
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/14/1079684971_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_aca32eb7b13079300f8ecc898ff141f9.jpg
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында куткаруу кызматы туруктуу иштей турган эл аралык туристтик борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди. Айтымында, учурда ага ылайыктуу жер тилкеси аныкталып жатат. Борбордо кеминде сегиз куткаруучу туруктуу нөөмөттө туруп, аталган аймактагы окуяларды күнү-түнү көзөмөлдөп, кокус кырсык болуп кетсе барып, тиешелүү иштерди аткарат. Алардын төртөө түздөн-түз куткаруу иштерине катышса, калган төртөө башка өзгөчө кырдаалдарга даяр турат. Ал мындай борборлорду тоо туризми өнүккөн башка жаратылыш аймактарында да ачуу керектигин белгилеген. Кубатов кошумчалагандай, альпинисттер мындай борборду куруу маселесин төрт жыл мурда эле көтөргөн. Тоо туризми көбөйүп жаткандыктан эс алгандар көп барган аймактарда куткаруу кызматтарын уюштуруу зарыл. Эске салсак, 7-ноябрда 15 жаштагы Амир Кунакунов Ала-Арча капчыгайындагы Электро чокусуна жакын жерде дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү 9-ноябрда табылган. Окуя коомчулукта издөө-куткаруу иштерин уюштуруу маселесин күн тартибине чыгарды.
https://sputnik.kg/20261110/assol-moldokmatova-zhaparovgo-kajryldy-1104806994.html
бишкек
"ала-арча" улуттук паркы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/14/1079684971_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_29d02aa432b2dbdc651597ed6d35e00d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, "ала-арча" улуттук паркы, куткаруучу, кырсык, даярдык, алдын алуу
кыргызстан, бишкек, "ала-арча" улуттук паркы, куткаруучу, кырсык, даярдык, алдын алуу
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында куткаруу кызматы туруктуу иштей турган эл аралык туристтик борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди.
Айтымында, учурда ага ылайыктуу жер тилкеси аныкталып жатат. Борбордо кеминде сегиз куткаруучу туруктуу нөөмөттө туруп, аталган аймактагы окуяларды күнү-түнү көзөмөлдөп, кокус кырсык болуп кетсе барып, тиешелүү иштерди аткарат. Алардын төртөө түздөн-түз куткаруу иштерине катышса, калган төртөө башка өзгөчө кырдаалдарга даяр турат.
Ал мындай борборлорду тоо туризми өнүккөн башка жаратылыш аймактарында да ачуу керектигин белгилеген.
Кубатов кошумчалагандай, альпинисттер мындай борборду куруу маселесин төрт жыл мурда эле көтөргөн. Тоо туризми көбөйүп жаткандыктан эс алгандар көп барган аймактарда куткаруу кызматтарын уюштуруу зарыл.
Эске салсак, 7-ноябрда 15 жаштагы Амир Кунакунов Ала-Арча капчыгайындагы Электро чокусуна жакын жерде дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү 9-ноябрда табылган. Окуя коомчулукта издөө-куткаруу иштерин уюштуруу маселесин күн тартибине чыгарды.