https://sputnik.kg/20261117/akshda-korgoonuu-11-trln-dollar-1104940902.html
АКШда коргонууга 1,1 трлн доллар бөлүнөт. Украинага канчасы тиет?
АКШда коргонууга 1,1 трлн доллар бөлүнөт. Украинага канчасы тиет?
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. АКШ Сенатындагы республикачылар 2027-жылга коргоо тармагына рекорддук 1,1 триллион доллар бөлүүнү сунушташты. Бул тууралуу Каржылоо... 17.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-17T10:35+0600
2026-11-17T10:35+0600
2026-11-17T10:40+0600
дүйнөдө
акш
украина
жардам
бюджет
коргонуу
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/13/1097949075_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_254898bcda8d35be1f7882ac25c110bd.jpg
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. АКШ Сенатындагы республикачылар 2027-жылга коргоо тармагына рекорддук 1,1 триллион доллар бөлүүнү сунушташты. Бул тууралуу Каржылоо комитетинин мыйзам долбооруна таянып РИА Новости жазды.Бул каражаттын ичинен Украинага жардам катары 129 миллион доллар, ал эми Израилди колдоого 3,3 миллиард доллар бөлүү сунушталган. Мындан тышкары, Ак үйгө “Алтын купол” ракетадан коргоо системасы үчүн 9,4 миллиард доллар, дрондорду жана аларга каршы каражаттарды иштеп чыгууга жана сатып алууга дагы 6,2 миллиард доллар багыттоо пландалууда.Эске салсак, Кошмо Штаттардын 2026-жылкы коргоо бюджети 900 миллиард доллардан ашып, анын ичинен 400 миллион доллары Украинага курал-жарак берүүгө каралган эле.
https://sputnik.kg/20261116/ukrainada-energetika-boyuncha-kyrdaal-kiyyn-1104920890.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/13/1097949075_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_2bdbb7d64485b5852111f9fed5627c97.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, жардам, бюджет, коргонуу
дүйнөдө, акш, украина, жардам, бюджет, коргонуу
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. АКШ Сенатындагы республикачылар 2027-жылга коргоо тармагына рекорддук 1,1 триллион доллар бөлүүнү сунушташты. Бул тууралуу Каржылоо комитетинин мыйзам долбооруна таянып
РИА Новости жазды.
“2027-жылга карата долбоордо АКШнын Коргоо министрлигине жана Чалгындоо кызматына 1,1 триллион долларга жакын каражат каралат”, — деп айтылат маалыматта.
Бул каражаттын ичинен Украинага жардам катары 129 миллион доллар, ал эми Израилди колдоого 3,3 миллиард доллар бөлүү сунушталган. Мындан тышкары, Ак үйгө “Алтын купол” ракетадан коргоо системасы үчүн 9,4 миллиард доллар, дрондорду жана аларга каршы каражаттарды иштеп чыгууга жана сатып алууга дагы 6,2 миллиард доллар багыттоо пландалууда.
Эске салсак, Кошмо Штаттардын 2026-жылкы коргоо бюджети 900 миллиард доллардан ашып, анын ичинен 400 миллион доллары Украинага курал-жарак берүүгө каралган эле.