https://sputnik.kg/20261116/ukrainada-energetika-boyuncha-kyrdaal-kiyyn-1104920890.html
Украин премьери: энергетика боюнча кырдаал кыйын эле болууда
Украин премьери: энергетика боюнча кырдаал кыйын эле болууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Украинанын премьер-министри Сергей Корецкий энергетика тармагына жана ага тамырлаш инфраструктураларга жасалган россиялык... 16.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-16T14:18+0600
2026-11-16T14:18+0600
2026-11-16T14:18+0600
дүйнөдө
украина
россия
чабуул
энергетика
кыш
кыйынчылык
эскертүү
эл
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104920044_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_743b2a7665e73a73aa6aa882098ce6ec.jpg.webp
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Украинанын премьер-министри Сергей Корецкий энергетика тармагына жана ага тамырлаш инфраструктураларга жасалган россиялык чабуулдардан кийин өлкөнү энергетика менен жабдуу кыйын болуп бара жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, азыр Украинага кыштан чыгуу үчүн европалык өнөктөштөрдөн тез арада жардам алуу аба менен суудай керек болуп турат. Мурдараак россиялык дрондор Ровно облусундагы подстанцияга сокку урду. Маалыматтарга караганда, бул жай Украинанын Куралдуу күчтөрү аскердик мүлктү сактоо үчүн пайдаланган логистикалык борборлордун үзгүлтүксүз иштешин камсыздап турган. Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги мындай чабуулдар Украинаны аскердик күчтөр жана экономика жаатында алсыратуу максатында инфратүзүм объектилерине жана жабдуу түйүндөрүнө багытталып жатканын билдирген. Украиналык бийлик өкүлдөрү алдыдагы кыш мезгилинде кыйынчылыктар болушу мүмкүндүгүн калкка күзүндө эле эскерте баштаган. Сентябрь айынын башында Жогорку Раданын депутаты Соломия Бобровская элди катаал кышка даяр турууга, анын ичинде Киевден чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн караштырууга жана отун камдап алууга чакырган. Украинанын коргоо министринин кеңешчиси Сергей Бескрестнов калкка кайрылып, бензиндин запасын камдап, андан сырткары, генератор менен аккумулятор алып коюуга чакырган.
https://sputnik.kg/20260923/zelenskij-sogushtu-kyshka-chejin-buturot-1103843081.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/10/1104920044_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_e6caf52e9397da8744467247460eb868.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, россия, чабуул, энергетика, кыш, кыйынчылык, эскертүү, эл
дүйнөдө, украина, россия, чабуул, энергетика, кыш, кыйынчылык, эскертүү, эл
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Украинанын премьер-министри Сергей Корецкий энергетика тармагына жана ага тамырлаш инфраструктураларга жасалган россиялык чабуулдардан кийин өлкөнү энергетика менен жабдуу кыйын болуп бара жаткандыгын билдирди.
"Кырдаал бир топ эле кыйын болуп турат", — деп украин өкмөтүнүн башчысы социалдык тармакка жазган.
Анын айтымында, азыр Украинага кыштан чыгуу үчүн европалык өнөктөштөрдөн тез арада жардам алуу аба менен суудай керек болуп турат.
Мурдараак россиялык дрондор Ровно облусундагы подстанцияга сокку урду. Маалыматтарга караганда, бул жай Украинанын Куралдуу күчтөрү аскердик мүлктү сактоо үчүн пайдаланган логистикалык борборлордун үзгүлтүксүз иштешин камсыздап турган.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги мындай чабуулдар Украинаны аскердик күчтөр жана экономика жаатында алсыратуу максатында инфратүзүм объектилерине жана жабдуу түйүндөрүнө багытталып жатканын билдирген.
Украиналык бийлик өкүлдөрү алдыдагы кыш мезгилинде кыйынчылыктар болушу мүмкүндүгүн калкка күзүндө эле эскерте баштаган. Сентябрь айынын башында Жогорку Раданын депутаты Соломия Бобровская элди катаал кышка даяр турууга, анын ичинде Киевден чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн караштырууга жана отун камдап алууга чакырган.
Украинанын коргоо министринин кеңешчиси Сергей Бескрестнов калкка кайрылып, бензиндин запасын камдап, андан сырткары, генератор менен аккумулятор алып коюуга чакырган.