ИИ коркунучу, Иран жаңжалы, мээ кайнаткан ысык... 2027-жылга божомолдонгон окуялар

© Photo / NASA / Jessica Meir
Жазылуу
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Британиянын The Economist журналы 2027-жылы дүйнөдө болушу мүмкүн делген окуялар тууралуу жылдык божомолун жарыялады.
The World Ahead деп аталган баяндамада төмөнкү негизги темалар камтылган:
Трамптан кийинки доор. АКШда анын ордун баса турган талапкер үчүн күрөш башталып, Дональд Трамп өзү да саясий таасирин сактап калууга аракет кылат;
Иран жаңжалынын кесепеттери. Кагылышуунун дүйнөлүк саясатка, энергетикага жана азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасири жыл бою сезилет;
Климаттын өзгөрүшү. 2027-жыл тарыхтагы эң ысык жыл болушу мүмкүн. Кургакчылык, токой өрттөрү жана аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө;
Жасалма интеллектиге байланыштуу кооптонуулар. ЖИнин өнүгүшү киберчабуулдарды жана компаниялардагы каржылык көйгөйлөрдү күчөтүшү ыктымал;
Европадагы оңчул популизм. Франциядагы президенттик шайлоону эгер Марин Ле Пен утуп чыкса, бул окуя көңүл чордонунда болот;
Дүйнөлүк рынокторго басым. Мамлекеттик карыздын өсүшү, инфляция жана жасалма интеллектини өнүктүрүүгө кеткен чыгым жаңы каржылык кризистерге кептеши мүмкүн;
Оземпиктин таасири. Арыктатуучу дарылар керектөөчүлөрдүн күнүмдүк адаттарын өзгөртүп, өмүрдү узартат деген дары-дармектер кызыгууну күчөтүшү мүмкүн;
Космостук жарыш. Ракеталарды учуруу арзандап, жеке космостук станцияларды жана орбитада маалымат борборлорун курууга жол ачылат;
Голливуддун жаңылануусу. 2027-жылы белгилүү кинотасмалардын уландысы жана "супербаатырлар" тууралуу жаңы фильмдер тартылышы мүмкүн.
