https://sputnik.kg/20261116/internette-kiberbulling-1104925653.html
Кыргызстанда жаштардын дээрлик жарымы интернеттеги кибербуллингге кабылган
Кыргызстанда жаштардын дээрлик жарымы интернеттеги кибербуллингге кабылган
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жаштардын дээрлик ар бир экинчиси акыркы бир жылда интернеттеги кодулоого туш болгон. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля... 16.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-16T16:32+0600
2026-11-16T16:32+0600
2026-11-16T16:32+0600
кыргызстан
россия
акыйкатчы
буллинг
бала
изилдөө
https://sputnik.kg/img/07e5/08/05/1053448308_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_ec4a022fead3fe8bb2d4b0e875864f0a.jpg
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жаштардын дээрлик ар бир экинчиси акыркы бир жылда интернеттеги кодулоого туш болгон. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Москвада өтүп жаткан Евразия омбудсмендер альянсынын XI жыйынында билдирди. Анын айтымында, интернеттеги зомбулук жаштардын психологиялык абалына, окуусуна жана айланадагылар менен мамилесине терс таасирин тийгизет. Жаманбаева былтыр "Таалим-Форум" коомдук фонду Гамбург университети менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгын келтирди. Ага өлкөнүн бардык аймактарындагы 128 окуу жайдан 12 жаштан 25 жашка чейинки 2 миңден ашык адам катышкан. Сурамжылоого ылайык, алардын дээрлик жарымы акыркы бир жылда интернеттеги жек көрүү көрүнүштөрүнө кабылган, 15-18 пайызы мындай көрүнүшкө үзгүлтүксүз туш болот. Мындан тышкары, 2023-жылы Акыйкатчы институту жүргүзгөн изилдөөдө сурамжылоого катышкандардын 70 пайыздан ашыгы социалдык тармактарда басмырлоо сөздөрүнө кабылганы аныкталган. Ал эми аялдар менен кыздардын 48 пайызы мындай көрүнүшкө дайыма туш болорун билдирген. "Шилтер" коомдук фондунун быйыл жарыялаган дагы бир изилдөөсүнө ылайык, сурамжылоого катышкан студенттердин ар бир бешинчиси интернеттеги зомбулукка кабылган. Бирок жабыркагандардын 8,5 пайызы гана мамлекеттик органдарга кайрылып, 42 пайызы бул тууралуу эч кимге айткан эмес. Акыйкатчы интернеттеги зомбулукту алдын алуу үчүн мектептерде жана жогорку окуу жайларында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, жаштардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу керектигин белгиледи. Ошондой эле жабыркагандарга жардам сурап кайрылуу жана электрондук далилдерди сактоо жолдорун түшүндүрүү зарылдыгын айтты. Жаманбаеванын пикиринде, интернеттеги зыяндуу көрүнүштөргө каршы күрөшүү жазалоо менен гана чектелбестен, жаштар арасында бири-бирин сыйлоо маданиятын калыптандырууга да багытталышы керек.
https://sputnik.kg/20261008/mektepter-bulling-menen-kuroshuugo-mildettenet-1104164076.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/08/05/1053448308_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_ba7543b476621e35b0c8c10b62bb4a44.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, акыйкатчы, буллинг, бала, изилдөө
кыргызстан, россия, акыйкатчы, буллинг, бала, изилдөө
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жаштардын дээрлик ар бир экинчиси акыркы бир жылда интернеттеги кодулоого туш болгон. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Москвада өтүп жаткан Евразия омбудсмендер альянсынын XI жыйынында билдирди.
Анын айтымында, интернеттеги зомбулук жаштардын психологиялык абалына, окуусуна жана айланадагылар менен мамилесине терс таасирин тийгизет.
Жаманбаева былтыр "Таалим-Форум" коомдук фонду Гамбург университети менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгын келтирди. Ага өлкөнүн бардык аймактарындагы 128 окуу жайдан 12 жаштан 25 жашка чейинки 2 миңден ашык адам катышкан. Сурамжылоого ылайык, алардын дээрлик жарымы акыркы бир жылда интернеттеги жек көрүү көрүнүштөрүнө кабылган, 15-18 пайызы мындай көрүнүшкө үзгүлтүксүз туш болот.
Мындан тышкары, 2023-жылы Акыйкатчы институту жүргүзгөн изилдөөдө сурамжылоого катышкандардын 70 пайыздан ашыгы социалдык тармактарда басмырлоо сөздөрүнө кабылганы аныкталган. Ал эми аялдар менен кыздардын 48 пайызы мындай көрүнүшкө дайыма туш болорун билдирген.
"Шилтер" коомдук фондунун быйыл жарыялаган дагы бир изилдөөсүнө ылайык, сурамжылоого катышкан студенттердин ар бир бешинчиси интернеттеги зомбулукка кабылган. Бирок жабыркагандардын 8,5 пайызы гана мамлекеттик органдарга кайрылып, 42 пайызы бул тууралуу эч кимге айткан эмес.
Акыйкатчы интернеттеги зомбулукту алдын алуу үчүн мектептерде жана жогорку окуу жайларында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, жаштардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу керектигин белгиледи. Ошондой эле жабыркагандарга жардам сурап кайрылуу жана электрондук далилдерди сактоо жолдорун түшүндүрүү зарылдыгын айтты.
Жаманбаеванын пикиринде, интернеттеги зыяндуу көрүнүштөргө каршы күрөшүү жазалоо менен гана чектелбестен, жаштар арасында бири-бирин сыйлоо маданиятын калыптандырууга да багытталышы керек.