https://sputnik.kg/20261116/bekeshev-bishkektin-bashky-plany--1104924233.html
"Элди эмнеге убара кыласыңар?" Бекешев башкы планды тымызын өзгөртүүнү сындады
"Элди эмнеге убара кыласыңар?" Бекешев башкы планды тымызын өзгөртүүнү сындады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкектин башкы планына коомчулукка алдын ала маалымат берилбей туруп... 16.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-16T15:58+0600
2026-11-16T15:58+0600
2026-11-16T15:58+0600
кыргызстан
бишкек
жогорку кеңеш
дастан бекешев
башкы план
сын
өзгөртүү
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0b/1101245212_28:0:1242:683_1920x0_80_0_0_8f6f98eb6f62a98e736a3478863d07dc.jpg
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкектин башкы планына коомчулукка алдын ала маалымат берилбей туруп өзгөртүү киргизилгенин сынга алды. Эл өкүлү шаар тургундары алдын ала маалымат алышы керектигин белгиледи. Ага вице-мэр Муратбек Атай башкы планга социалдык объектилерге байланыштуу гана өзгөртүүлөр киргизилгенин айтты. Тактап айтканда, Өскөн-Ордо жаңы конушунда "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын кампаларын жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Бекешев өзгөртүүлөр эмне себептен коомчулукка жарыяланбаганын сурап, мыйзамда мындай маалыматтар ачык болушу керектиги белгиленгенин айтты. Ал ар бир тургун үйүнүн жанында кандай курулуш жүрөрүн билүүгө укуктуу экенин айтып, өзгөртүүлөр тууралуу маалыматты жарыялоону талап кылды. Муратбек Атай маалымат жашыруун эмес экенин жана депутатка берилерин билдирди.
https://sputnik.kg/20260511/bishkektin-bashky-plany-1101248714.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0b/1101245212_180:0:1091:683_1920x0_80_0_0_d17994c8f17cc57e43ccd3cdc2f6d778.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, жогорку кеңеш, дастан бекешев, башкы план, сын, өзгөртүү
кыргызстан, бишкек, жогорку кеңеш, дастан бекешев, башкы план, сын, өзгөртүү
"Элди эмнеге убара кыласыңар?" Бекешев башкы планды тымызын өзгөртүүнү сындады
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкектин башкы планына коомчулукка алдын ала маалымат берилбей туруп өзгөртүү киргизилгенин сынга алды. Эл өкүлү шаар тургундары алдын ала маалымат алышы керектигин белгиледи.
Ага вице-мэр Муратбек Атай башкы планга социалдык объектилерге байланыштуу гана өзгөртүүлөр киргизилгенин айтты. Тактап айтканда, Өскөн-Ордо жаңы конушунда "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын кампаларын жайгаштыруу чечими кабыл алынган.
Бекешев өзгөртүүлөр эмне себептен коомчулукка жарыяланбаганын сурап, мыйзамда мындай маалыматтар ачык болушу керектиги белгиленгенин айтты.
"Сиз азыр вице-мэрсиз, эртең жөнөкөй тургун болуп калсаңыз, үйүңүздүн жанына курулуш башталганда сиз да ушул суроону бересиз. Башкы планды эки ай талкуулап, анан кабыл алып, жарыялап, эми тымызын өзгөртүү киргизгениңер кандай? Элдин пикирин сурабай эле каалаганыңарды кыла бергиле дегендей болуп жатат. Мындай болбошу керек", — деди эл өкүлү.
Ал ар бир тургун үйүнүн жанында кандай курулуш жүрөрүн билүүгө укуктуу экенин айтып, өзгөртүүлөр тууралуу маалыматты жарыялоону талап кылды.
Муратбек Атай маалымат жашыруун эмес экенин жана депутатка берилерин билдирди.