https://sputnik.kg/20261115/kushner-ukraina-chatagy-zhongo-saluu-ideya-1104903377.html
Кушнер Украина чатагын жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштар пайда болгонун айтты
Кушнер Украина чатагын жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштар пайда болгонун айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Украина боюнча АКШ өкүлдөрүнүн акыркы жолугушууларында чатакты жөнгө салууга багытталган жаңы идеялар пайда болду. Бул тууралуу өлкө... 15.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-15T10:32+0600
2026-11-15T10:32+0600
2026-11-15T10:30+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
россия
европа
жаред кушнер
диалог
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0d/1104869387_0:113:3071:1840_1920x0_80_0_0_22ae3b68ff8363b56af796bcb70eba72.jpg
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Украина боюнча АКШ өкүлдөрүнүн акыркы жолугушууларында чатакты жөнгө салууга багытталган жаңы идеялар пайда болду. Бул тууралуу өлкө президентинин күйөө баласы Жаред Кушнер билдиргенин РИА Новости жазды.Анын айтымында, тараптар жеңилдиктерге барууга даяр. Ошондой эле НАТО коопсуздукка жоопкер маанилүү уюм экенин айтып, Европадагы өнөктөштөрдү да тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катыштыруу керектигин белгиледи.“Учурда биз Москва менен европалык өнөктөштөрдүн ортосундагы түз байланыштарды уюштурууга жана үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасынын күн тартибин даярдоого көңүл буруп жатабыз”, — деп кошумчалаган ал.Эскерте кетсек, бейшемби күнү Владимир Путин Кремлде АКШ президентинин атайын чабармандары Стивен Уиткофф жана Жаред Кушнер менен сүйлөшкөн. Андан кийин америкалык өкүлдөр Дублинге барып, Владимир Зеленский менен жолугушкан.
https://sputnik.kg/20261114/moskva-evropalyk-suyloshuu-tobuna-ech-kanday-shart-koyboyt-1104901709.html
украина
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0d/1104869387_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_473eb44a730430f94f604664a7f7cd16.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, россия, европа, жаред кушнер, диалог
дүйнөдө, украина, россия, европа, жаред кушнер, диалог
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Украина боюнча АКШ өкүлдөрүнүн акыркы жолугушууларында чатакты жөнгө салууга багытталган жаңы идеялар пайда болду. Бул тууралуу өлкө президентинин күйөө баласы Жаред Кушнер билдиргенин
РИА Новости жазды.
“Жаңы сунуштардын айрымдары чоң жылыштарга алып келиши мүмкүн, кээси бара-бара актуалдуу боло баштайт”, — деди Кушнер.
Анын айтымында, тараптар жеңилдиктерге барууга даяр. Ошондой эле НАТО коопсуздукка жоопкер маанилүү уюм экенин айтып, Европадагы өнөктөштөрдү да тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катыштыруу керектигин белгиледи.
“Учурда биз Москва менен европалык өнөктөштөрдүн ортосундагы түз байланыштарды уюштурууга жана үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасынын күн тартибин даярдоого көңүл буруп жатабыз”, — деп кошумчалаган ал.
Эскерте кетсек, бейшемби күнү Владимир Путин Кремлде АКШ президентинин атайын чабармандары Стивен Уиткофф жана Жаред Кушнер менен сүйлөшкөн. Андан кийин америкалык өкүлдөр Дублинге барып, Владимир Зеленский менен жолугушкан.