https://sputnik.kg/20261114/moskva-evropalyk-suyloshuu-tobuna-ech-kanday-shart-koyboyt-1104901709.html
Песков: Москва европалык сүйлөшүү тобуна эч кандай шарт койбойт
Песков: Москва европалык сүйлөшүү тобуна эч кандай шарт койбойт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Россия европалыктарга алардын сүйлөшүү тобуна эч кандай шарт койбойт. Бул туурасында Россиянын президенттин маалымат катчысы Дмитрий... 14.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-14T21:12+0600
2026-11-14T21:12+0600
2026-11-14T21:12+0600
дүйнөдө
акш
украина
европа
россия
дмитрий песков
геосаясат
сүйлөшүү
талап
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/06/1097679026_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_9d00c176bbeec978d10f685b1a9d0c58.jpg
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Россия европалыктарга алардын сүйлөшүү тобуна эч кандай шарт койбойт. Бул туурасында Россиянын президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды. Песков европалыктар менен пикир алышып, алардын позициясы Украина чатагын жөнгө салууга канчалык өбөлгө түзө аларын түшүнүү пайдалуураак болорун белгиледи. РФ лидери Владимир Путин бейшемби күнү Кремлде АКШ президентинин атайын чабармандары Стивен Уиткофф жана Жаред Кушнер менен сүйлөшүү өткөрдү. Мунун артынан америкалык өкүлдөр Дублинге барып, Владимир Зеленский менен жолугуп, Украина, Германия, Италия, Франция, Ирландия жана Польшанын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери менен сүйлөшүп, кеңешүүлөр жүргөн. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков европалык өлкөлөр Украина боюнча талкууга кошулууга аракет кылып жатканын, бирок алар эмнени каалаарын (согуш же тынчтык) биринчи кезекте чечип алышы керектигин билдирген. Муну менен катар Ушаков алардын бүгүнкү күнгө чейинки бардык жасап келген кадамдары дал ушул чатакты уланта берүүгө умтулуп жатканын айгинелеп турганын белгилеген.
https://sputnik.kg/20261112/ryabkov-abu-dabidegi-sylshlrd-rf-dagy-kanday-talaptardy-koygonun-aytty-1104858339.html
акш
украина
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/06/1097679026_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_3df5d7775132b06ccc7ef99a1e1b4ba5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, европа, россия, дмитрий песков, геосаясат, сүйлөшүү, талап
дүйнөдө, акш, украина, европа, россия, дмитрий песков, геосаясат, сүйлөшүү, талап
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Россия европалыктарга алардын сүйлөшүү тобуна эч кандай шарт койбойт. Бул туурасында Россиянын президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды.
"Биз алардын сүйлөшүү тобу боюнча шарт койбойбуз жана койгубуз да келбейт. Маселени мындай коюу таптакыр туура эмес", — деген ал.
Песков европалыктар менен пикир алышып, алардын позициясы Украина чатагын жөнгө салууга канчалык өбөлгө түзө аларын түшүнүү пайдалуураак болорун белгиледи.
РФ лидери Владимир Путин бейшемби күнү Кремлде АКШ президентинин атайын чабармандары Стивен Уиткофф жана Жаред Кушнер менен сүйлөшүү өткөрдү. Мунун артынан америкалык өкүлдөр Дублинге барып, Владимир Зеленский менен жолугуп, Украина, Германия, Италия, Франция, Ирландия жана Польшанын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери менен сүйлөшүп, кеңешүүлөр жүргөн.
Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков европалык өлкөлөр Украина боюнча талкууга кошулууга аракет кылып жатканын, бирок алар эмнени каалаарын (согуш же тынчтык) биринчи кезекте чечип алышы керектигин билдирген. Муну менен катар Ушаков алардын бүгүнкү күнгө чейинки бардык жасап келген кадамдары дал ушул чатакты уланта берүүгө умтулуп жатканын айгинелеп турганын белгилеген.