https://sputnik.kg/20261114/kyrgyzstan-chechenstan-marat-kutanov-uluu-ata-mekendik-sogush-1104895978.html
"Апа, келдим". Чүйдө мектепке Грозныйды коргогон кыргызстандыктардын документи берилди
"Апа, келдим". Чүйдө мектепке Грозныйды коргогон кыргызстандыктардын документи берилди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Панфилов районундагы (Чүй облусу) Кубат Жуматаев атындагы Эркин-Сай орто мектебинин музейине Улуу Ата Мекендик согуш учурунда... 14.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-14T15:01+0600
2026-11-14T15:01+0600
2026-11-14T15:01+0600
улуу ата мекендик согуш
кыргызстан
чеченстан
россия
грозный
марат кутанов
кубат жуматаев
эрдик
аскер
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0e/1104894634_0:120:1280:840_1920x0_80_0_0_6641419c98bdcf47c20aa409ce198b14.jpg
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Панфилов районундагы (Чүй облусу) Кубат Жуматаев атындагы Эркин-Сай орто мектебинин музейине Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Грозный шаарын коргоодо курман болгон 30 кыргызстандык тууралуу материалдар тапшырылды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. Жоокерлердин аты-жөнүн чеченстандык издөөчүлөр аныкташкан. Документтер мектептин 50 жылдык мааракесинде берилди. "Апа, мен кайтып келдим" аттуу долбоордун алкагында мектепке Жуматаевдин курман болгон жери, акыркы салгылашуусу жана тагдыры тууралуу документтер да тапшырылды. Жуматаев Эркин-Сай айылында төрөлүп, Түндүк Кавказда согушкан. 1942-жылы командири курман болгондон кийин саясий жетекчи катары ротаны башкарган. Ал граната менен немецтердин танкасынын алдына боюн таштап, баатырларча курман болгон. Бул үчүн Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Иш-чарада Кыргызстандагы Ленинград блокадачылары коомунун төрагасы Марат Кутанов сөз сүйлөдү. Ал чеченстандык изилдөөчүлөр менен биргелешкен иштер жана "Апа, мен кайтып келдим", "Акыркы чеп" долбоорлору тууралуу айтып берди. Жолугушуунун негизги максаты — окуучулар менен мугалимдерди Грозный шаарын коргоодо курман болгон башка кыргызстандыктарды издөөгө тартуу болду. Окуучулар архивдик документтерди изилдеп, жоокерлердин өмүр баянын калыбына келтирип, алардын туугандарын издешет. Чечен тараптын издөө иштери тууралуу Кыргызстандагы чечен диаспорасынын төрагасы, Кыргызстан эли Ассамблеясынын жетекчисинин орун басары Өзбек Алиев айтып берди. Иш-чарага согуштун Бишкек шаарындагы ардагерлери, укук коргоо органдарынын ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери кеңешинин төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музейдин директору Наркул Байдөөлөьов, Түлөбердиев жана Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаев атындагы коомдук фонддордун өкүлдөрү катышты.
https://sputnik.kg/20240509/kubat-zhumataevdin-ehrdigi-1084961059.html
чеченстан
грозный
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0e/1104894634_0:0:1280:960_1920x0_80_0_0_1ab63d902f93ed20a0ea5df09f68b00d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
улуу ата мекендик согуш, кыргызстан, чеченстан, россия, грозный, марат кутанов, кубат жуматаев, эрдик, аскер
улуу ата мекендик согуш, кыргызстан, чеченстан, россия, грозный, марат кутанов, кубат жуматаев, эрдик, аскер
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Панфилов районундагы (Чүй облусу) Кубат Жуматаев атындагы Эркин-Сай орто мектебинин музейине Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Грозный шаарын коргоодо курман болгон 30 кыргызстандык тууралуу материалдар тапшырылды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Жоокерлердин аты-жөнүн чеченстандык издөөчүлөр аныкташкан. Документтер мектептин 50 жылдык мааракесинде берилди.
"Апа, мен кайтып келдим" аттуу долбоордун алкагында мектепке Жуматаевдин курман болгон жери, акыркы салгылашуусу жана тагдыры тууралуу документтер да тапшырылды.
Жуматаев Эркин-Сай айылында төрөлүп, Түндүк Кавказда согушкан. 1942-жылы командири курман болгондон кийин саясий жетекчи катары ротаны башкарган. Ал граната менен немецтердин танкасынын алдына боюн таштап, баатырларча курман болгон. Бул үчүн Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Иш-чарада Кыргызстандагы Ленинград блокадачылары коомунун төрагасы Марат Кутанов сөз сүйлөдү. Ал чеченстандык изилдөөчүлөр менен биргелешкен иштер жана "Апа, мен кайтып келдим", "Акыркы чеп" долбоорлору тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун негизги максаты — окуучулар менен мугалимдерди Грозный шаарын коргоодо курман болгон башка кыргызстандыктарды издөөгө тартуу болду. Окуучулар архивдик документтерди изилдеп, жоокерлердин өмүр баянын калыбына келтирип, алардын туугандарын издешет.
"Аныкталган 30 ысым — бул 30 адамдын тагдыры, 30 үй-бүлөнүн тарыхы, унутулбашы керек болгон 30 эрдик", — деп белгилешти уюштуруучулар.
Чечен тараптын издөө иштери тууралуу Кыргызстандагы чечен диаспорасынын төрагасы, Кыргызстан эли Ассамблеясынын жетекчисинин орун басары Өзбек Алиев айтып берди.
Иш-чарага согуштун Бишкек шаарындагы ардагерлери, укук коргоо органдарынын ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери кеңешинин төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музейдин директору Наркул Байдөөлөьов, Түлөбердиев жана Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаев атындагы коомдук фонддордун өкүлдөрү катышты.