00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан менен Беларусия асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташат
11:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Министрликтер кызматкерлердин 10 %ын сынаксыз кабыл ала алышат. Мамлекеттик кызматка алуунун тартиби
13:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что связывало кыргызов с древними тюрками - беседа с историком
14:05
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Ишкер аялдар экономиканын түркүгүбү? — “Бизнес-айым кербени 2025” форуму старт алды
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Екатеринбург ждёт: почему кыргызстанцы выбирают УрФУ
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Таланты бааланбай, унутта калып бараткан таланттуу актёр Бекин Сейдакматов
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
За игнор — штраф: чиновников обяжут отвечать на жалобы
20:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ишкер аялдар экономиканын түркүгүбү? — “Бизнес-айым кербени 2025” форуму старт алды
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Атама жаткан жайымды кабарлап койгула... Кубат Жуматаевдин эрдиги менен керээзи

© Sputnik / Самрат КарачевКубат Жуматаев атындагы Кыргыз-Россия коомдук фондунун төрагасы Таалайбек Жуматаев
Кубат Жуматаев атындагы Кыргыз-Россия коомдук фондунун төрагасы Таалайбек Жуматаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Жазылуу
Кубат Жуматаев атындагы Кыргыз-Россия коомдук фондунун төрагасы Таалайбек Жуматаев душмандын танкасына төшүн тоскон чоң атасы Кубат Жуматаевдин эрдигин, кандайча курман болгонун айтып берди.
Кубат Жуматаев башында турган рота үч айылды бошотуп, 80ге жакын фашистти жок кылышат. Душман чабуул жасаганда эки жагында коштоп бараткан роталар артта калып, курчоодо калган командир жоокерлери менен акырына чейин кармашып, аягында немецтердин үч танкасын жардырып баатырларча курман болот. Бул тууралуу Таалайбек Жуматаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтып берди.
Атама жаткан жайымды кабарлап койгула... Кубат Жуматаевдин эрдиги менен керээзи
Кубат Жуматаевдин эрдиги тууралуу бир катар чыгармалар, макалалар жазылган.
"Биздин чоң атыбыз Кубат Жуматаевдин баатырдыгын Темиркул Үмөталиев "Үч баатыр" поэмасында даңазалаган. Мурда ал мектептин программасында окутулчу. Азыр алынып калды. Ротанын командири каза болгондо Кубат атам командачылыкты колго алат. Алар үч айылды бошотуп, 80ге жакын фашистти жок кылышат. Курчоодо калганда акырына чейин кармашып, акыры өзүн душман менен кошо жардыруу чечимин кабыл алат. Алгач рациядан "азыр болгон гранаталардын баарын алып, танканын алдына өзүмдү таштайм. Бирок силерден сураныч, сөөгүмдү жоокердик салт менен көөмп, атамдарга жаткан жеримди кабарлап койгула" дейт. Ошентип байланыш үзүлүп, арадан бир сутка өтөт. Эртеси командир жоокерлерди катарга тизип, "кана, кимиңер барасыңар? Кубат Жуматаевдин сөөгүн алып келүү керек. Ал танканын астында жатат. Бери жагын немецтер курчап турат. Ким алып келет?" дейт. Ошондо рота башчысы, таластык жигит Насыркул Жапаркулов катардан суурулуп чыгып "мен барам" дейт. Насыркул түнү менен немецтер турган жерге сойлоп жетип, үстүнө чөп жыйылган жалпак үйлөрдүн биринин чатырына барып жатат. Астында немецтердин сүйлөшкөндөрүн угат. Бир-эки граната ыргытып, баарын жардырууну ойлогону менен ага барбайт. Анткени башка тапшырма берилген. Күндүз жашынып жатып, ары жакта жарылган 5-6 танканын арасынан бирөөсүн болжойт. Түн киргенде кайрадан сойлоп барып, танканын жанында жаткан жоокердин бетин кармалап Кубатка окшоштуруп, мүшөккө салып четке сүйрөп чыгат. Ээн жерге барганда ширеңке чагып караса Кубат экен, немецтер денесинин эч жерине тийбептир. Болгону ортосунан бөлүнүп калыптыр. Документтери да чөнтөгүнөн табылат. Ошентип чоң атабыздын керээзин Насыркул Жапаркулов аткарган", — деди Жуматаев.
Ал Темиркул Үмөталиевдин макаласында Кубат Жуматаевдин сөөгү азыркы Чеченстандын Алпатов айылы менен Ищерский станциясынын ортосунда жайгашкан мүрзөгө коюлганын жазганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0