https://sputnik.kg/20261112/idiris-kadyrkulov-elchi-ajyptoo-zhoop-1104860438.html
Кыргызстандын Украинадагы элчиси үй-бүлөсүнө карата айыптоолорго үн катты
Кыргызстандын Украинадагы элчиси үй-бүлөсүнө карата айыптоолорго үн катты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов агасына карата айыптоолорго жооп берди. Буга президент Садыр Жапаровдун Чүй... 12.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-12T18:05+0600
2026-11-12T18:05+0600
2026-11-12T18:11+0600
кыргызстан
элчи
идрис кадыркулов
айыптоо
коррупция
https://sputnik.kg/img/07e6/02/1c/1062451440_0:149:2400:1499_1920x0_80_0_0_dfcb990289b9ab61a82e7449d0bdda2c.jpg
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов агасына карата айыптоолорго жооп берди. Буга президент Садыр Жапаровдун Чүй облусунун тургундары менен жолукканда жергиликтүү тургундардын бири экс-депутат Искендер Кадыркулов ошол кездеги колхозго таандык имаратты 220 миң сомго сатып алып, кайра айыл өкмөткө 8,5 миллион сомго сатып жиберген деген деттануусу себеп болду. Анын айтымында, Кадыркулов имарат менен кошо 3,5 миң гектар жерди дагы менчикке өткөрүп алган. Мунун баарын бир тууган иниси (Идрис Кадыркулов, азыр Кыргызстандын Украинадагы элчиси — ред.) УКМКда иштеп турган маалда жасаганын билдирген. Жогоруда айтылгандарга жооп берген дипломат Кадыркулов мунун баары шайлоо алдында аларды каралоо аракети деп айтууда. Ошондой эле элчи 2004-жылы анын агалары Ак-Суу айыл өкмөтүндө айыл чарба кооперативин түзүп, кеңсе үчүн имарат сатып алышканын, жарандар кооперативге жер үлүштөрү менен киришкен же жерлерин ижарага беришкенин айтты. Учурда мүчө болгондордун үлүштөрүн кошкондо кооперативдин жалпы 109 га жери бар экенин, имаратты 12 жылдан кийин айыл өкмөт кайра сатып алганын кошумчалады. "2020-жылдан бери эки жердешим биздин үй-бүлөгө каршы тынымсыз арыз жазып, бардык мамлекеттик органдарга кайрылып келет. Алты жыл ичинде Башкы прокуратура, Салык кызматы, УКМК жана башка мекемелер ондон ашык текшерүү жүргүзгөн. Мындай басымдын айынан агамдын ден соолугу начарлап, кийин каза болгон", — деген элчи. Кадыркулов жайында анын үй-бүлөсүнө каршы макала жарыялоо үчүн жакында көзү өтүп кеткен бир блогерге 140 миң сом төлөнгөнүн билдирди. Кийин блогер анын агаларынан кечирим сураган. Элчинин айтымында, эми ошол эки жердеши бул жагдайды саясий максатта колдонуп, жалданма адамдар аркылуу жалган маалыматтарды таратып жатышат.
https://sputnik.kg/20261012/bishkek-mer-korrupcziya-orun-basar-1104236932.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/1c/1062451440_0:0:2400:1800_1920x0_80_0_0_103355e42c9c6eae4bb53ddd310f1384.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, элчи, идрис кадыркулов, айыптоо, коррупция
кыргызстан, элчи, идрис кадыркулов, айыптоо, коррупция
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов агасына карата айыптоолорго жооп берди.
Буга президент Садыр Жапаровдун Чүй облусунун тургундары менен жолукканда жергиликтүү тургундардын бири экс-депутат Искендер Кадыркулов ошол кездеги колхозго таандык имаратты 220 миң сомго сатып алып, кайра айыл өкмөткө 8,5 миллион сомго сатып жиберген деген деттануусу себеп болду.
Анын айтымында, Кадыркулов имарат менен кошо 3,5 миң гектар жерди дагы менчикке өткөрүп алган. Мунун баарын бир тууган иниси (Идрис Кадыркулов, азыр Кыргызстандын Украинадагы элчиси — ред.) УКМКда иштеп турган маалда жасаганын билдирген.
Жогоруда айтылгандарга жооп берген дипломат Кадыркулов мунун баары шайлоо алдында аларды каралоо аракети деп айтууда.
"Биздин үй-бүлө колхоздун бир дагы имаратын, бир дагы техникасын, керек болсо бир мыгын дагы менчиктештирген эмес. Өзүмдүн туулуп-өскөн айылымда жер үлүшүм жок, ушул күнгө чейин үйүм да, короо-жайым да жок. Өмүр бою өлкөдөн сыртта окуп, иштедим", — деди ал соцбаракчасына жүктөгөн видеодо.
Ошондой эле элчи 2004-жылы анын агалары Ак-Суу айыл өкмөтүндө айыл чарба кооперативин түзүп, кеңсе үчүн имарат сатып алышканын, жарандар кооперативге жер үлүштөрү менен киришкен же жерлерин ижарага беришкенин айтты. Учурда мүчө болгондордун үлүштөрүн кошкондо кооперативдин жалпы 109 га жери бар экенин, имаратты 12 жылдан кийин айыл өкмөт кайра сатып алганын кошумчалады.
"2020-жылдан бери эки жердешим биздин үй-бүлөгө каршы тынымсыз арыз жазып, бардык мамлекеттик органдарга кайрылып келет. Алты жыл ичинде Башкы прокуратура, Салык кызматы, УКМК жана башка мекемелер ондон ашык текшерүү жүргүзгөн. Мындай басымдын айынан агамдын ден соолугу начарлап, кийин каза болгон", — деген элчи.
Кадыркулов жайында анын үй-бүлөсүнө каршы макала жарыялоо үчүн жакында көзү өтүп кеткен бир блогерге 140 миң сом төлөнгөнүн билдирди. Кийин блогер анын агаларынан кечирим сураган. Элчинин айтымында, эми ошол эки жердеши бул жагдайды саясий максатта колдонуп, жалданма адамдар аркылуу жалган маалыматтарды таратып жатышат.